ИИМдин Ички аскерлеринде жазгы чакыруу башталды
Аскерлер бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт
Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта, ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма-сөз кызматы маалымдады.
Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Чакыруу Кара-Көл шаарындагы Ички аскерлердин 7706 аскер бөлүгүндө башталды.
Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Андан соң жоокерлер ант берип, тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт.
Фото www
Окшош макалалар
- Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды
- Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
- ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда
- ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
- ИИМ: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды