Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек ШИИБнин БМЖККнын ыкчам кызматкери, милициянын майору М.3.М.. жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер КР ИИМ БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.

УКМК пресс-борбору

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх