Акжол Махмудов Азиянын чемпионатында алтын медаль утту
Балбан Азиянын үч жолку чемпиону болду
Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту
Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.
Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү. Анда Махмудов япониялык Кодай Сакурабага каршы килем үстүнө чыкты. Бул күрөштө кыргыз балбаны кыйла күчтүү экенин далилдеп, атаандашын 9:1 эсебинде утту.
Ал эми финалда Махмудов ирандык балбан Амин Явар Кавиянинежад менен кармашмак. Бирок ирандык спортчу бутунун жаракатынан улам күрөшө албай турганын билдирип, алтын байге Акжолго берилди.
Эскерте кетсек, Акжол Махмудов 2018-жылы жана 2022-жылы өткөн Азия чемпионатында алтын байгеге татыган.
Белгилей кетсе, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.
Фото www
Окшош макалалар
- Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт
- Айпери Медет кызы финалга чыкты (фото)