Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Кыргызстанга 1800 литр спирт ичимдиги мыйзамсыз ташылып келген

Тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Кыргызстанга 1800 литр спирт ичимдиги мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Актилек” көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстанга лицензия жана уруксат документтери жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт коюлду.

“Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кармалып, айып токтотуучу жайга киргизилди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ташылып келген алкоголдун жалпы көлөмү 1800 литрге жакын.

“Учурда мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх