Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында ата-баланын урушу өлүм менен аяктады

Шектүү мурда 2 жолу соттолгон

Ош шаарында ата-баланын урушу өлүм менен аяктады. Бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти

Окуя 7-апрелде саат 10:20 чамасында катталган. Анда Ош шаарында убактылуу жашап жаткан Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну өз атасы менен чырдаша кетип, атасынын көкүрөк тушуна бүктөмө бычагы менен эки ирет сайып жиберген. Анын кесепетинен 1967-жылы туулган киши окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыш тууралуу милицияга атасына кол салган жаран өзү кабар берген.

Такталгандай, маркум ошол күнү Ош шаарында баласы убактылуу жашап жаткан үйгө барган. Шектүү катары кармалган жигиттин көрсөтмөсүнө караганда, экөө теӊ мас абалында болушкан.

Кылмыш ишинин алкагында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү 1997-жылы туулган. Мурда 2 жолу соттолгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх