Бишкектин Менделеев көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө
Жолдун жалпы узундугу 360 погондук метр
Бишкектин Менделеев көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлө баштады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 360 погондук метр, туурасы 6 метрди түзгөн бөлүгүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Учурда таптоо жана тегиздөө иштери башталып, лоток жана жол бордюрларды орнотуу иштери жакында башталат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Менделеев көчөсүнүн Октябрь көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин бөлүгүндө лотоктор орнотулууда.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз