Жакында жогорку даражадагы кызматкерлер кармалат
Бул тууралуу Ташиев билдирди
Жакынкы күндөрү каржы тармагындагы жогорку даражалуу кызматкерлер кармалат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маек берип жатып билдирди.
"Жакында элдин акчасын колунда кармап, бирок аны башка максаттарга жана натыйжасыз жумшаган каржы тармагындагы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди кармап, катаал жоопко тартабыз", - деди ал.
Ташиев өлкөдө коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталганын, мындан ары коррупция менен кармалгандардын бардык мүлкү конфискацияланып, өзү түрмөгө кетерин кошумчалады.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- «Манас» бажысы 6 тоннадан ашык апийим куурайы баңги затын ташып келүү аракетине бөгөт койду
- УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
- УКМК: Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды
- УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды
- УКМК: Талас электр тармактар ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды