Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын тхэквондо ITF боюнча улуттук курамасы Евразия кубогунда 9 медаль жеңди

Мелдешке 600 спортчу катышкан

Кыргызстандын тхэквондо ITF боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн Евразия кубогунда 3 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 18-21-май күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан, Малайзия жана Индиядан келген 600 спортчу катышкан.

54 кг салмакта Асадбек Тажибаев 2 алтын (профессионалдык беттеш) жана 2 күмүш медаль жеңди. Ошондой эле, 47 кг салмак категориясында Хушнут Абдусаттаров алтын медалга ээ болду.

45 кг салмактагылар арасында беттеште Умар Насыров жана кыздар арасында Каныкей Калыбекова, 55 кг салмак категориясында Алина Садырбекова жана Малохат Насырова күмүш медалдын ээлери болушту.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх