Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Cокулук районунда улан менен кыздын бакка асылган денелери табылды

Бала 19 жашта, кыз 16 жашта болгон

Сокулук районунун ИИМнин нөөмөттүк бөлүмүнө 25-май күнү жергиликтүү тургундардан өлгөн адамдын сөөгү табыгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Сокулук районун ИИБ ыкчам иликтөө тобу айылдардын биринин четинен бакка асылган эки жаштын денесин табышкан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Сотко чейинки өнүрүш иш-аракеттеринин жүрүшүндө маркумдардын өздүгү аныкталып, бири Сокулук районунун 19 жаштагы жашоочусу М.Ш жана Нарын облусундагы Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Д.А. экени аныкталган.

Азыркы учурда окуянын бардык чоо-жайы иликтенип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх