Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында жарамазан айтып жүргөн баланы жолбун ит каап алган (сүрөт)

 Саламаттыкты сактоо министрлиги жабырлануучу кутурмага каршы вакцина алганын билдиришти

Ош шаарында жаш балага жолбун ит кол салып, тиштеп алган. Ит кутурма оорусу менен жабыркаган болушу мүмкүндүгү айтылууда. Бул тууралуу Super.kg агенттиги маалымдады. Муну менен бирге басылмада жабырлануучу бир саат бою тез жардам менен милиция кызматкерлерин күткөнүн дагы белгиленген.

Vesti.kg Саламаттыкты сактоо министрлигине балага медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билүү үчүн кайрылды.

- Кечээ кечки саат 10до бир нече жаш бала көчөдө жарамазан айтып жатышкан экен, - деп такташты КРнын СС министрлигинин басма сөз кызматында.- Алардын бирөөсүнө жолбун ит кол салып, тиштеп алган. Бала 2008-жылкы. Окуянын күбөсү 102, 103 кызматтарына телефон чалган. Андан кийин жабырлануучуну өзү Ош облус аралык балдар ооруканасына жеткирип барган. Балага травматология бөлүмүндө тез жардам көрсөтүлгөн. Ага кутурмага каршы вакцина берилди. Азыркы учурда баланын абалы канааттандырарлык. Ал бөлүмдө тийиштүү дарылануусун алып жатат.

Нажмите чтобы увеличить изображение 273009_1.jpgНажмите чтобы увеличить изображение 273009_1.jpg


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх