Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешов: Бакиевдерди реабилитациялоо 2020-жылы эле башталган

Эл өкүлү мурдагы президенттердин жолугушуусу туурасында өз оюн билдирди

«Бакиевдерди реабилитациялоо 2020-жылы эле башталган. Муну баары жакшы түшүнүшөт, негизинен өткөндү реабилитациялоо үчүн азыркы убакка чейин көп иштер жасалды. Бул жерде биринчи кезекте 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары өз сөздөрүн айтышы керек. Ошондо гана мен өз оюмду толук кандуу  айта алам.  Жеке мен саясий реабилитацияга каршымын. Бул жолугушууда Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу маселеси көтөрүлгөн жок деп ишенем», - деди Бекешев

 Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын 18-февралда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу болгонун ырастап, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышканын ырастаган.

Көп өтпөй жолугушуу туурасында Алмазбек Атамбаев өз оюн жарыялаган. Ал президенттердин жолугушуусу тууралуу алдын ала кабардар болбогонун айтып, «өлкөдө тынчтык жана биримдикти орнотуу менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши» — эки башка нерсе. Ал эми аларды айкалыштыруу «такыр башкача жыйынтык берет»,- деп жазган.

Ага удаа эле жолугушуу тууралуу Аскар Акаев оюн билдирип, Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуу уюштурганын «болуп көрбөгөндөй кадам жана тарыхый окуя» деп баалаган. 

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жана анын командасы шайланып келгенден бери мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармагында, ошондой эле ички жана тышкы саясатта көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх