Саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жолдоду (фото)
Анда ал: "13 жашар кызымды энесиз калтырбаңыз!",- деп жазган
Кемпир - Абад окуясы боюнча камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал УКМКнын төрагасына "13 жаштагы кызымды энесинен ажыратпаңыз, ар бир бала бактылуу балалыка татыктуу",- деп кат жолдогон.
"УКМК төрагасы К.Ташиевге!
Камчы мырза, бүгүн, 31-май балдарды корго күнү сизге кайрылууну туура көрдүм.
Силер кош бийлик, өлкөдө ар бир кыргыз баласын бактылуу, келечектүү кылганга милдет алгансыңар, бийликке келүүнөр менен. Ар бир мамлекеттин жана бийликтин камкордугун көргөн бала өлкө патриоту болот. Мамлекеттен кордук көрсө,бийликтен көңүлү калат. Өлкө келечегине доо кетет.
Кечээ сиздин түздөн-түз буйругуңуз менен кыргыздын бир 13 жашар кызын сиз энесиз жана кароосуз талаада калтырдыңыз. Талаада калды. Себеби ал кыздын атасын дагы 8 ай мурун каматкансыз. Мамлекет, бийлик өзгөчө балдарга гумандуулукту, сүйүүнү, боорукерликти көрсөтөт. Сиз бийликтин терс жагын 13 жашар кызым Айжанга көрсөттүңүз.
Бир дагы 30 жылдагы кыргыз бийлиги саясий оппоненттерине, жаман көргөн адамдарына, кичине балдарына чейин кордоп, талаада калтырып, энесинен ажыраткан эмес.
Урматтуу Камчы мырза, сиз экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Оппонентиңиз катары жигит болсоңуз мени менен күрөшүңүз. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм жана жакындарым менен күрөшүп, 13 жашар кызымды кордоо сизге барк алып келсе да, нарк да алып келбейт. 13 жаштагы кызды энесинен ажыратпаңыз."
25-майда УКМКнын кызматкерлери Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны кармашкан. Маалыматка ылайык, ал Бишкектеги жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп шектелүүдө.
26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 24-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Эске салсак, Равшан Жээнбеков өзү учурда Кемпир-Абад окуясы боюнча Бишкектеги СИЗО-1де. Саясатчы Ленин районундагы парламенттик шайлоого да катышууда.
Фото www
Окшош макалалар
- УКМК: Талас электр тармактар ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды
- УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
- УКМК: Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды (фото)
- 2010-жылдагы июнь окуясында милициянын подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды