Масалиев өзүнө карата айтылган сын пикирди "галиматье"- деп атады
- жолу 638 кароо
Депутат Масалиев Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу сунушунан кийинки өзүнө болгон сын пикирлерге жооп берди
Депутат Исхак Масалиев өзүнө болгон сын пикирди галиматье деп атаарын Vesti.kg сайтына билдирди.
Анын сөзү боюнча, анын каршылаштары эч кандай агрументтери жок эле кадимки ушакты колдонуп жатышат.
- Мен өз оюмду гана айттым, ал эми алар эмне дешсе өздөрү билишет, - деди Исхак Апсаматович. - Анын үстүнө бир да аргументи жок сүйлөп жатышат. Мындан келди алар "өзүң жиндисиң" деген принцип менен кетип атышат. Тиги жаман экен дейт. Эмне үчүн жаман десең, "жөн эле"- дешет. Көп адамдар менин фамилиямды жакшы көрүшөт, бул кадимки эле нерсе. Улуу Марк Твен айткандай «Эмне деп жазса жаза берсин, иши кылып некролог жазбасын» .
Депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу чыгымдардын алкагындагы иликтөөгө байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча сунуш кылгандыгын эсиңиздерге салабыз.
Депутат Ирина Карамушкина болсо, Исхак Масалиев кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарып атат деп божомолдойт.
Андан сырткары жергиликтүү ММКлардын бири эл өкүлү мунун аркасы менен кандайдыр бир мамлекеттик кызматты алгысы келет, деген ойду да жазып чыкты.
Бакыт Стамов
фото www
Окшош макалалар
- Алмазбек Атамбаевдин күзөт башчысы кызматынан алынышына себепкер болгон куттуктоо (видео)
- #автордукракурс. Атамбаевдин сыйыртмагы
- «Сатып кетпесин деп» алдын ала чара көрүп, КСДПнын жетекчилиги Өмүркуловду партиядан чыгардыбы?
- «Атамбаевдин ЖЭБди реконстукциялоо тууралуу статьясын физика китебин окубаган адам жазган»
- «Мен эмнеге КСДПнын Атамбаевсиз болушуна макулмун»