Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтайым Үмөталиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын башчысын жоопкерчиликке тартууну талап кылууда

Укук коргоочунун айтуусунда Кайрат Маматов ээлеген кызматына туура келбейт же татыксыз

Президенттикке мурдагы талапкер, укук коргоочу Токтоайым Үмөталиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовго карата доо арызы менен сотко кайрылууну коздөп жатат.  Анын айтуусунда буга аны Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттабай койгон  аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчисинин компетентсиздиги түрткү берүүдө. Бул туурасында ал   өзү Vesti.kg билдирди.  Укук коргоочу  Конституция боюнча  шаар башчылыгына  өзүн-өзү талапкер катары жылдырууга укугу бар деп  эсептейт.

- Биринчиден, мен Бишкек аймактык комиссияга 17. 45 те келгем . Шайлоо комиссиясынын башчысы менин көз алдымда эле бир жакка кетип калды. Ал мен кеткенден кийин гана келген. 31-июлда анын атына менден гана арыз келип түшкөндүктөн ал милдеттүү түрдө карашы керек эле. Жок дегенде менин арызымды карап жаткандай түр калтырыш керек эле. Мен эмес, ал премьерге, БШКнын жетекчилигине жана шаардык кеңештин депутаттарына жеткирип, иш билгилигин  жана ыйгарым укуктарын көрсөтүшү керек болчу. Мына ушундай сапаттары менен шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алат эмеспи.

Үмөталиева Баш мыйзам Кыргызстанда баарын улук деп белгиледи.

- Ал мага берген жообунда Башмыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы : "Жарандар конституция жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын шайлоого жана органдарына шайланууга укугу бар”-экенин БШКнын катында билдирди. Андан ары ал Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үчүн "Борбордун статусу жөнүндө", Мыйзамдын 23-беренесине таянып, талапкерлерди көрсөтүү укугуна ылайык талапкерди Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жана премьер-министр көрсөтөрүн келтирген. Бирок, чындыгында мыйзамдын күчү ушунда. Демек Маматов мыйзамдын ушул нормаларын бузду.  

Ошондой эле укук коргоочунун пикиринде БШК жетекчилиги өз милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарбай жатат.

Ал мага жазган катында БШК катты 2018-жылдын 31-августунда алганын билдирди дейт,-Уметалиева. Силер бул жерде атайлап чындыктын бурмаланып жатканын унутпагыла. Бул убакыт аралыгында алар менден бир гана кат алышып, ошону дагы  жөндөй албайт. Тыңгылыктуу жооп жазганды билбейт. Мына  БШКнын жетекчисинин денгээли.  Ал жок дегенде кол коер алдында аны караш керек.

- Азыр мен кошумча участкаларды тузүү боюнча буйрук болгон эмес деген фактыга Жогорку Соттун  чечими боюнча  кылмыш ишин козготууну көздөп жатам,-дейтТоктайым Жумаковна.  А буйрукту ошол Маматов өзү даярдамак. Мурда мен сотко кайрылган эмесмин. Эми азыркы кадамынан кийин президенттик шайлоодогу  жана азыркы маселе боюнча доо арыз менен кайрылам. Мындан тышкары мен банктын башчылыгынан да алууну талап кылам.  Анткени бул мамлекеттик банк.  Мамлекеттик кызматкер бири-бирине байланышпаган эки бирдей жогорку кызматты кантип ээлеп жатат?  

Эске салсак, мурда Токтайым Үмөталиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек мэрлигине талапкерлигин каттоо боюнча документтерин өткөргөн.

Бишкек аймактык комиссиясы бул кызматка өзүн-өзү жылдыруу каралган эмес деп белгилеп, мыйзам боюнча “ Бишкек мэрлигин кызматына талапкерликке жылдыруу укугу фракцияларга, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына жана премьер министрге   гана ыйгарылганын” жүйөө кылып баш тарткан эле.

Бакыт Стамов
Сүрөт   www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх