Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаардык кеңеште Азиз Суракматов оппозициялык фракциядагы депутаттар менен жолугушту

Мэрге талапкер эл депутаттарын шаардын бюджетин көбөйтүүнү пландап жаткандыгына ынандырды

Кечээ Бишкек мэрине талапкер Азиз Суракматов “Республика-Ата Журт” оппозициялык фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Vesti.kgге шаардык кеңештин депутаты Гульнара Молдобаева билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу Бишкек шаардык кеңешинде өттү.

- Чынында эле ал кырдаалдан толук кабардар жана шаардын проблемаларын жакшы билет, - деп айтты эл өкүлү. – Анда бул проблемаларды чечүүнүн пландары бар экендигин бизге айтып берди.

Оппозициялык фракциянын мүчөлөрү мэрге талапкерге бир катар сунуштарды беришти.

- Суракматов баары бир өзүнүн программасы менен чыга тургандыктан биз ага 7 ай мурда биз кабыл алган программаны негиз кылып алууну сунуштадык, - деп сөзүн улантты Гульнара Аскарбековна. – Ошондой эле ал бизге шаарды көрктөндүрүү боюнча иштерди уланта тургандыгына убада кылды. Булар жолдорду курууга, коомдук транспорт маселесине, борборду көрктөндүрүүгө жана жарыктандырууга тиешелүү болуп саналат.

Молдобаеванын айтымында, Суракматов шаардын бюджетин көбөйтүүнү пландап жатканына депутаттарды ишендирди.

- Ал бул үчүн  бизнести тартууну көздөөдө, - деди депутат. – Андан сырткары, кошумча булактардын эсебинен да жүргүзүлөт. Алсак, машина токтоочу жайлардын саны көбөйтүлөт.

Эске сала кетсек, Азиз Суракматов Бишкек мэрине жападан жалгыз талапкер болуп катталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы шаар башчысын шайлоону 8-августка дайындаган.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх