Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Лунара Мамытованы министр кылып дайындаш керек болчу

Ирина Карамушкина чиновник аялдын ушак сөздүн курмандыгы болуп калгандыгын, анткени ал коррупциялык схеманы ачкандыгын айтат

Кыргызстандын балдарын эл аралык бала кылып алуу маселеси көтөрүлгөндө иликтөөгө ушул Лунара Мамытова гана кошулган болчу. Бул коррупциялык схеманы ушул Лунара Мамытова ачыкка алып чыккан. Бул туурасында Vesti.kg сайтына депутат Ирина Карамушкина айтып берди.

- Мага Таалайгүл Исакунова министрликте баш бербей жатышат деп билдирди, - дейт эл өкүлү. - Мамытова болсо мыйзам бузулган бардык фактыларды алып чыккан, калган орун басарлардын баары үндөбөй отурушкан. мен ал тарап болуп УКМК менен Башпрокуратураны кийлигиштирдим. Ошондо бала кылып алуу боюнча бирөөнү таап чыгышты эле, кийин боюнда бардыгына байланыштуу иш козгобой коюшту. Ал адам болсо азыр башка бир райондо башкы адис болуп иштөөсүн улантып жатат.

Ирина Юрьевна бир ишинде болсо да калган кесиптештерине караганда өзүнүн туруктуу экендигин көрсөтө алды. 

- Мен аны менен баарлашкан учурда, ал мекемеде коррупция гүлдөп жаткандыгын айткан болчу, - дейт Карамушкина. Социалдык өнүктүрүү Министрлиги аркылуу көп акчанын агымы кетет жана бул коррупция тууралуу Мамытова ачык айтып салган. Чамасы, бул ишке кириптер болгон кишилер ачыкка чыгып калуудан аябай коркушат. Ошондуктан Лунара оңтойсуз адам болуп, аны жок кылып жатышат. Мен Мамытовага бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштадым. Кантип эле ал социалдык сектордун өнүгүүсүн каалабасын?

Эл өкүлү эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кылып Лунара Мамытованы дайындаш керек эле дейт.

- Ага башкарууну берип туруп, бир жылдан кийин жыйынтыгын сураш керек болчу, - деп сунуштайт депутат. - Мамытова өзүнүн кетээрин билген жана бул жөнүндө мурда айткан. Анын окууга баруусу болсо, жыл сайын мекемеден жиберилчү адистерди окутуу болчу.

Эмне үчүн ал бардыгы үчүн жооп бериши керек? Ал эми элчиликтин паспортун мыйзамсыз колдонууну адегенде далилдеш керек. Азыр ак карасын ылгабай туруп эле социалдык тармакта аны кордоп сылышты. Анын үстүнө атайын жалданма адамдар жалган маалыматтарды таркатып иштешет эмеспи. Негизсиз каралоолор бир гана чындыкты айтып койгондугу үчүн жасалып жатат. Мен билимдүү жаштарды көп билем, бирок аларды туруктуулугу үчүн миистрликке ишке алышпайт.

Эске сала кетсек, Vesti.kg сайтына Лунара Мамытованын өз каалоосу менен арыз жазып иштен кетип жаткандыгын жазышкан эле. 

Мурда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Лунара Мамытованы элчиликтин паспортун жеке кызыкчылыгына колдонду деп айыптаган болчу. Социалдык тармактарда коомчулук Мамытовага терс резонанс жаратты. Андан сырткары, Мамытова пенсионерлер пенсиясын топтоп чет өлкөлөргө саякат жасаса болот деп жазган. Кийинчерээк ал бул жазгандарын оңдогон.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх