Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Комитет, жыйын, комитет, жыйын… А качан иштейбиз?

Эл өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрүнүн убактыларын калп эле алып жатат, аларга иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат

Парламент өкмөт менен иштеше албай жатат, деп депутат Дастан Бекешев өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты:

«Мисалы, эртең экономика министри бир маселе менен комитеттин жыйынына келет, ошол эле маселе боюнча жыйынга бизнести өнүктүррү боюнча жыйынга, - деп жазат ал. - Анан ушул эле маселе комитеттин жыйынына өтөт. Парламент, комитет, парламент, комитет жана парламент».

Бул суроону коюп жаткандардын ичинен Бекешев биринчиси деле эмес. Министр качан иштейт ушинте беришсе? Бирок башка система азырынча жок.

Соода өнөр жай палатасынын жана экспорт, саясат, инфраструктура жана өнөр жай Комитетинин төрагасы Кубат Рахимов мындай ишти убакытты текке кетирүү деп эсептейт.

- Мен муну бизнес-бирикменин өкүлү катары айтып жатам, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Ишкер министрдин кабыл алуусуна келсе, ал фракцияда же комитетте болгон учурлар арбын эле.

Салыкты биз өкмөт убактысын депутаттар менен өткөрсүн деп төлөп жаткан жокпуз да. Алар иштеш керек. Ошондуктан министрликтер көбүнчө түнкүсүн иштешет. Күндүзү болсо Жогорку Кеңеште болушат.

- Өкмөт ЖК алдында отчёт бериши керек, анткени бизде парламенттик республика, - деп белгилейт ал. - Бизде парламенттик республика болгону менен 120 депутат хандар эмес да. Парламент министрлердин убактысын албашы керек. Тартипти сактоо керек.

Рахимов депутаттын иши анын чиновникке берген суроосуна карап эмес, анын чыгарган мыйзамына карап бааланат деп эсептейт.

Эксперттин ою боюнча эл өкүлдөрү кеңкелес суроолорду беришет. Бул алардын жардамчыларынын да күнөөсү, анткени алар колундагы окументтин маанисин түшүндүрүп коюшпайт. Ушунун айынанбардык депутаттар жабыр тартат.

- Келгиле ар кимибиз өз ишибизди кылалы, - дейт төрага. - Өтүкчү өтүгүн тиксин, самсачы самсасын жапсын. Мыйзам чыгарчу орган мыйзам менен алек болсун. Депутаттардын кагаз жүзүндө суроого конституциялык укугу бар. Министрликтерден, мекемелерден маалыматтарды кагаз жүзүндө сурашсын.

Маселени чечүүнүн эң оңой жолу, айына 8 саат гана чиновниктер парламентте болушу керек.

- Мекеменин 5-6 мүчөсү жыйын бүткүчө отуруп эмне кылат, ар кимиси ар кандай суроо беришет аларга. Депутаттар да ар нерсени сүйлөп убакытты созушат. Ошондуктан докладдын убактысын так регламенттөө керек. Ансыз тантый беришет. Тартип болушу керек.

Экономика боюнча эксперт жана ишкер Улан Адамалиев парламенттин министрлик менен мекемелердин ишин көзөмөлдөгөнгө макул. Бирок ЖК негизги милдети мыйзам чыгаруу, андыктан депутаттардын кеңкелес суроолору дайыма эле пайда алып келе бербейт дейт.

- Чиновниктердин стратегия иштеп чыкканга убактысы болбой калат. Анткени ар күн сайын жыйын, комиссия, кезексиз отурум, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бул алардын ишине кедерги болот.

Экспертте министрлер менен депутаттардын баарлашуусун жөнгө сала турган бир идея бар. Анын оюнча бул иш менен мекеменин статс-катчысы алектениш керек.

- Статс-катчынын кызматы үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылуу, - дейт ал. - Министрлер бизде 2 жылга келет, ал эми статс-катчы 5 жылга. Ошондуктан ал мекемедеги болуп жаткан нерседен кабары бар. Ал дайыма парламент менен иштешсе болот, качан министр керек болгондо чакырып коёт. Министр депутаттар менен аз бирок саз жоолугушу керек.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх