Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Соодалашып, базар кылуунун кереги жок» КСДП Райымбек Матраимовго жооп даярдоодо

«Социал-демократтардын» саясий кеңешинин мүчөсү «Райым миллионго» ачык согушка чыккан соң компроматтарын ачык айтуусун сунуштады

КСДП Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайрылуусун жоопсуз калтырбайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «социал демократтардын» саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов маалымдады.

- Жооп албетте болот, бирок, биз азырынча, ал кандай түрдө болоорун чечип жатабыз, - деди ал.

- Райымбек Матраимовго карата коомчулук тараптан айтылып келген айыптар анын өзүнө гана эмес азыркы бийликке да көө жаап келген. - Анын кайрылуусу өлкө жетекчилигинин да катышуусу менен демилгеленген, анткени, бул окуя ансыз да ашыкча созулуп кеткени анык болчу. Матраимов, маалыматтык атака болот деп жатат, демек, ал чынында эле колдоого ээ. Мындай аракеттер буга чейин деле болгон, ал болсо алар дагы уланаарын айтып, ачык эле коркутууда.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү эгерде БКнын башчысынын мурдагы орун басары кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болсо, шантаж кылуунун кереги жок - ачык эле аларды айтыш керек деп кошумчалады.

- Оюн баштап, соодалашып, базар кылуунун кереги жок, - деп Турдукулов сөзүн улантты. - Ачыкка чыктыңбы, кылмышты жаап-жашыруу да мыйзам бузуу экендигин эстен чыгарбаш керек. Менимче, тартип коргоо органдары Матраимовду чакырып, экс-президентке каршы кандай маалыматтарга ээ экендигин такташ керек. Анткени, жалган билдирүүгө да мыйзам тарабынан жоопкерчилик каралган. Эгерде Матраимов чындап күрөш баштаса - анда ал эл көзүндөгү саясатчы экенин далилдесин. Ал эми, эгерде Матраимов «ийинге кирип алса», анда анын жөн гана бийликтин Атамбаевге зыян келтирүү үчүн колдонуп жаткан адамдардын бири экени билинип калат.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg кечээ интернетте Бажы кызматынын башчысынын мурдагы төрагасынын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган видео-кайрылуусу тараганын билдирген эле. Ал анын атасынынэлесине арналып уюштурулган спорттук турнирге байланыштуу жүргөн кызуу талкууларга унчукпай кое албаганын айткан.

Өз кайрылуусунда Матраимов мурдагы өлкө башчыга мурда экөөнүн үй-бүлөлүк катышта болгонун эскертип өткөн. «Турнир буга чейин деле өткөрүлүп келчү, сиз убактыңыздын тардыгынан ага Икрам Илмияновду жиберчүсүз, - деди Матраимов. - Сиз мени каралап, элдин душманы кылып жатасыз. Сиздин жана досум Икрамдын колдоосу менен мен мамлекеттик кызматка келип, сизди уят кылбай иштедим. Сиз үчүн жана партия үчүн кызмат кылдым. Мени «Райым-миллионер» кылган сизсиз».

Муну менен бирге Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары анда экс-президентке каршы компроматтар бар экенин жана эгерде каралоо токтобосо, аларды колдоно турганын эскертти.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх