Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев ИИМнин чала кыргызча жазылган каттарын жарыялаганга даяр

Парламент өкүлү Кыргызстанда мамкызматтагы кадрлардын деңгээли кыйла начарлаганын айтып кейиди

Азыркы бийликтин негизги көйгөйү - кадр тандоо. Мындай оюн Vesti.kg сайтына ЖКнын мурдагы депутаты, саясатчы Алишер Мамасалиев билдирди.

- Өкмөттөгү көптөгөн чоңдор өңдүү мен да буга чейин айткан элем - азыркы бийликтин негизги кемчилиги - кадрларды тандоо, - деди ал. - Суроолорду туудурган кадрдык чечимдер көп. Тигил же бул кызмат орунуна келген адамдарды тандоо кандайча жүргөн? Мен депутат Бекешевдин оюна кошулам. Министрлер кабинетинин эле эмес Жогорку Кеңештин өзүндө иштегендердир деңгээли көңүл жылытарлык эмес. Биринчиден, бул кадларды тандоо азыркыга чейин эки критерийдин негизинде жүргүзүлүп келет - берилгендик менен регионалдык тең салмактуулук. Акыркы чоң кадрдык дайындоолор да ушундай негизде тандалган. Бизде буларга чоң көңүл бурулат эмеспи.

Мамасалиев партиялык квоталар өкмөттө кадрлардын тездик менен алмашуусуна алып келгенин баса белгилейт.

- Эгерде биз бардык өнүккөн өлкөлөрдөй тажрыйбасына, билимине, адамдын профессионалдык дараметине жараша тандоо кылсак, азыркы күндө болуп жаткан кырдаалдарга алып келбейт эле, - дейт саясатчы. - Бул чынында чоң көйгөй. Аны чечиш керек, анткени министрлер кабинетин түзүүдө колдонулган айтылуу партиялык квоталар тажрыйбасы акыркы 10 жылда кадрлардын жоголуусуна алып келди. Өкмөттүн, жетекчиликтин тынымсыз алмашуусунан кесипкөй кадрлар коммерциялык уюмдарга кетип калууда.

Дагы бир саясатчы Аркадий Гладилов Vesti.kg менен болгон маегинде бул боюнча башка пикирге ээ экенин билдирди. Ал мекемелердеги грамматикалык каталар үчүн трагедия кылуунун кажети жок дейт.

Гладилов башка мекемелер тарабынан жазылган каттарды окуган эместигин айтып, бирок, президенттин администрациясынын, өкмөттүн, салык инспекциясынын, прокуратуранын пресс-релиздерин ар дайым окуурун жана алардын бардыгы мыкты деөгээлде жазылганын кошумчалады. - Кыргызча кандай жазылганын айта албайм, анткени адабий тилди жакшы билбейм. Ал тургай, өлкө башчынын администрациясында мыкты кесипкөйлөр иштей алат деп ишенимдүү айта алам, анткени, алар даярдаган бардык тексттер абдан сабаттуу жазылган. Аларда куру сөздөр дээрлик жокко эсе.

Муну менен бирге саясатчы тексттин сабаттуу жазылганына эмес анын маанилүүлүгүнө басым кылуу туура экендигин белгилейт.

- Албетте, грамматикалык катар адистердин жалпы билим деңгээлин көрсөтөөрү чын, бирок, мен буга ашыкча көңүл деле бурмак эмесмин. Текст эмес анын өзөгү маанилүү да. Грамматикалык каталар толуп жатат, ошондуктан биз андайларга кээде көз жумуп коебуз. Чынын айтканда, кемчиликтерди расмий тексттерде эле эмес, каалаган сайт же гезитте тапса болот. Айтылып жаткан сөздүн мааниси терең болсо дейм. Грамматикалык каталардан трагедия жасоонун кереги жок деп эсептейм.

Тактай кетсек, ЖК депутаты Дастан Бекешев жакында эле өз Twitter-аккаунтунда азыр өлкөдөгү кадрлардын деңгээли кыйла начарлап кеткенин жазган эле.

«Мамлекеттик кызматка өтүүнүн шарттары эбегейсиз, бирок бул бош орундарга кимдир-бирөөлөр баары бир өтүп жатат. Ошол эле маалда, кадрлардын деңгээли кыйла түшүп кетти. Эгер бирөө расмий жооп берем десе, мен толгон токой ката менен жазылган Юстиция министрлигинин же ИИМнин чала кыргызча катын көрсөтөм, - деп жазган парламент өкүлү.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх