Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Алина Шаикова жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда

Чекисттер өздөрүнүн төрагасын колдоо иретинде Каттоо кызматынын мурдагы башчысына жооп кайтарышты

2013-жылы УКМК тарабынан мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо тармагында учураган коррупциялык схемаларды эске алуу менен өкмөткө «Учкун» ААКнын базасында Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик маанидеги бардык документтерди (ММД) даярдоо үчүн мамлекеттик типографияны түзүү сунушу киргизилген.

Белгилей кетсек, ал маалда КРда ММД жана ага барабар делген документтердин 280 түрү колдонулуп, алардын көбү жеке компаниялар тарабынан жасалып келген.

2014-жылы өкмөт тарабынан УКМКнын өкүлү Идрис Кадыркуловдун, ошондой эле башка министрлик жана мекемелердин катышуусунда мамлекеттик типографияны куруунун максатка ылайыктуулугун изилдөө үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Өкмөттүн дарегине Орусия Федерациясынын өкмөтүнөн жана «КБА НотаСис. С.А» компаниясынан (Швейцария) соода-экономикалык кызматташтык алкагында мамлекеттик типографияны курууга көмөктөшүү боюнча сунуштар келип түшкөн.

2014-жылы «КБА НотаСис. С.А» компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жогорку деңгээлд корголгон ММДды жасап чыгаруу боюнча өз өндүрүштү түзүүгө жардам берүүгө даярдыгын билдирген.

Баса белгилей кетчү жагдай - аталган компания жогорку деңгээлде корголгон документтерди (паспорт, акциз маркалары, банкнот ж.б) даярдоого багытталган заманбап өндүрүштөрдү (жабдуулар) түзүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарында турат.

КРнын өкмөтү менен узак убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпагандына байланыштуу, 2018-жылдын 6-декабрында жумушчу топтун мурдагы мүчөсү катары Кадыркуловго КРге келген «КБА НотаСис С.Анын» аймактын директору Полуянов М. жана компаниянын КРдеги өкүлү Магамбетов Т. кайрылып, андан МККнын жетекчилиги менен ММД жеке өндүрүшүн түзүүнүн перспективаларын талкуулоо үчүн жолугушуу уюштуруп берүүсүн суранышкан.

Чындыгында эле, болуп өткөн расмий эмес жолугушууда Алина Шаикова менен Дастан Догоев ММДнын жеке өндүрүшүн түзүү маселесин кароодон баш тартышып, анын себептери катары муну пайдалуу эмес өндүрүш деп баалашкандыгын, ошондой эле МККнын бланк продукциялары жеке компаниялардан сатылып алынгандыгын түшүндүрүшкөн.

Буга байланыштуу Шаикованын Кадыркуловдун кандайдыр-бир жеке кызыкчылыктары болгон деген сөзү чындыкка коошпойт жана УКМКнын атына коомчулук алдында шек келтирип, жоопкерчиликтен качуу аракети болуп саналат.

Азыркы күндө УКМКнын тергөө иштеринин натыйжасында КРнын ММКнын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарын материалдык баюу үчүн колдонушкандыгы, анын кесепетинен биометрикалык паспорттордун бланктарынын баасы жалпысынан 253 млн сомго кымбаттагыны тууралуу жетиштүү далилдик база чогултулган.



УКМКнын пресс кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх