Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 «Түркиянын элчиси ал азыр үйүндө эмес, Кыргызстанда экенин унутуп калды»

Ал ортодо түрк ТИМи өкүлүнүн кескин билдирүүлөрүн колдоп чыкты

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы уюштурган ооз ачарда Түркиянын элчисинин иш-аракеттерин орой деп биринчи көз караштан эле бааласа болот. Чынында Женгиз Камил Фырат эмнеге таянганын жана анын ошол жердеги анын жүрүм-турумун эмнеге туура түшүнсө болоорун мектеп окуучусу деле билиши керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясатчы жана мурдагы дипломат Марс Сариев билдирди.
- Элчи ифтарга келип, ал жерде Түркияда террористтик деп эсептелген уюмдун башчысы отурганын көрөт. Ал эгерде ошол жерде 5 мүнөткө калсынчы, аны кызматтан кетирмек турсун, түрмөгө да отургузуп салышмак. Дипломаттын ал жердеги андан кийинки жасаган иш-аракеттери мына ушундан.

Сариев Кыргызстан боордош түрк мамлекети менен өлкөбүздө альтернативага ээ эмес «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчилигинин ортосунда «эптегенге» аргасыз экенин моюнга алды. Бирок, бир иш-чарага карама-каршы эки лагердин өкүлдөрүнүн келүүсүнө жол берүү - муфтияттын одоно катасы болду.
- Бул окуя Кыргызстан менен Түркиянын алакасына кедергесин тийгизбей койбойт, - дейт мурдагы дипломат.
Мурдагы дипломат Адиль Турдукулов дагы ооз ачарда элдерди бөлүүгө болбойт экенин, бирок Түркия менен ФЕТОнун өкүлдөрүнүн ортосун эмне бөлүп тураарын билүү сөзсүз керек элек болчу деген ойдо. Анын үстүнө, алардын ортосундагы тиреш кечээ эле пайда болгон жок да. Балким, абалды ТИМ менен Улуттук коопсуздук комитети көзөмөлдөш керек эле.

- Ал эми элчинин акараты кыргыз тарапка эмес, түрк бийлигинин алмашкыс позициясын сырткы дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтүүгө багытталган, - деп божомолдоду ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Бирок, Кыргызстан менен дипломатикалык алаканы ал эми бекемдебей калды го.
Дипломатиялык академиянын мурдагы проректору, юридика илиминин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев эмне болгон күндө да этикет деген бар экенин эскертип, аны Женгиз Камил Фырат одоно бузганын белгиледи.
- Ал оройлугун көрсөтүп, ультиматумдар тилинде сүйлөп жатты, - дейт талдоочу. «Мен сага айтып жатам», «мен сага мечит куруп бергем». Бул этикага сыйбайт. Элчи үйүндө эмес Кыргызстанда экенин унутуп калды.

Осмоналиев муфтий одоно ката кетирген жардамчылары үчүн жооптуу болуп калды дейт. Ошол эле маалд ал Түркия Республикасынын өкүлү ифтарда калса, өз карьерасынан кол жууп калышы мүмкүн болчу дегенге кошулат.

- Бирок, мен биздин ТИМдин ордунда болгондо баары бир жооп кайтарат элем, элчиге жашап жаткан өлкөнү сыйлабагандыгы үчүн «эшикке жол» көрсөтөт элем. - Муфтий дагы кызматтан кеткени дурус.

Эскерте кетсек, Vesti.kg буга чейин 8-майда ооз ачар маалда Кыргызстандын муфтиятында чыр чыгып кеткенин маалымдаган. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат ал жерден «Сапат» лицейлеринин президенти Орхан Инандыны көрүп, ресторандан кетип калган.


Түркия элчиси мындан ары КРнын муфтияты тууралуу эч нерсе уккусу келбегенин, Кыргызстанга 35 млн долларга жаңы мечит салып берген Түркия мамлекетинин элчисин террористтик уюмдун мүчөлөрү менен бир орунга коюшканын айтып нааразы болгон.
«Мен муну президентке билдирем», деп элчи анын аркасынан эмне болгонун билүүгө чыккан муфтий Максат ажы Токтомушевди кекеткен.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги болуп өткөн окуя боюнча билдирүүсүн таратты. Анда «2019-жылдын 8-майында Кыргызстандын муфтияты тарабынан уюштурулган ооз ачарга бул өлкөдөгү ФЕТО/FETO башчыларынын да келгени кабыл алынгыс. Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси бул абалды байкаган жана тийиштүү, туура мамиле кылган» делет." Түркиянын ТИМИ ФЕТО/FETOнун чет өлкөлөрдөгү түзүмдөрү менен күрөшүү мекеменин бирден бир милдеттери экенин белгиледи. «Биз бул маселеге расмий инстанциялардын гана эмес, биз менен достук мамиледеги өлкөлөрдүн бардык улуттук мекемелеринен аяр мамилени күтөбүз», - деп билдирүүдө айтылган.
«Себат» билим берүү мекемелери ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гюлендин ишин улантуучулары түзгөндүгү айтылат. Уюм Түркия террористтик деп таанылып, ал эми анын АКШда жашаган башчысын мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпташкан.

Түрк бийлиги кыргызстандык кесиптештерине бир далай «Себат/Сапатты» жабууга чакырышкан, бирок азырынча өлкө бийлиги мындан баш тартууда.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх