Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Батукаевдин иши боюнча Зарылбек Рысалиевдин экс-кеңешчиси да кармалды

ИИМ кримтөбөлдүн чуулгандуу бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында кармалган бардык жооптуу кызматкерлердин тизмеси менен тааныштырды

Башкы прокуратура ИИМнин Тергөө кызматына Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууну тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу максатында ага жалган «ак кан (М2-вариант» диагнозун коюп, бул аны абактан чыгарууга негиз болгон.

2013-жылдын 23-апрелинде ЖКнын депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн медициналык топ, Батукаевге буга чейин коюлган диагнозду жокко чыгарып, ал документтердин жасалмаланышы менен коюлган деген тыянак чыгарышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмышка шектүү катары Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Кыргыз илимий гематология борборунун мурдагы кызматчылары Р.А., М.Э., Ц.И. жарыяланган. Алардын ичинен акыркы экөөнө түрмөгө алуу бөгөт чарасы каралган.

Мындан сырткары КР ССМнин жооптуу кызматкери Б.К. жана ЖАМКнын медициналык кызматкерлери А.А. жана Ф.А. каралган. Кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Б.К. жана А.А. карата сот тарабынан үй камагына чыгарылып, ал эми А.Ф. эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Мындан сырткары, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д (Динара Сагинбаева –ред.) жана ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалган ( бул Калыбек Качкыналиев деп айтылууда – ред.). Кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар коррупцияга аралашкан, ошондой эле документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоолорго катышы бар деп шектелүүдө.


ИИМнин пресс-кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх