Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын экс-башчысы: Идрис Кадыркулов отставкага кетип өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү

Мурдагы чекисттердин пикиринде коомчулуктун басымы алдында кылган атайын кызматтын башчысы жалгыз туура чечимди кабыл алды

УКМКнын башчысы Идрис Кадыркуловдун өз каалоосу менен отставкага кетиши түзүлгөн абалда мүмкүн болгон жалгыз туура чечим болду. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Максат Мамытканов билдирди.

- Төрага анын дарегине ЖМКда көптөгөн суроолор түшө баштагандан кийин кызматынан кетиши керек эле, - деп белгиледи ал. Азыртадан эле тергөө коомдук сектордун каршы аракеттерине туш болуп, коомдук пикирдин белгилүү бир багытта бурулуп калганын көрүүдөбүз. Андыктан, эми маселе тергөөнүн жыйынтыктары кийин шек туудурбагыдай анын бейтарап жүргүзүлүшүндө.

Мамытканов Идрис Кадыркулов өзүнүн кадыр-баркын сактап кала алганын кошумчалады.

- Ал туура кылды, анткени «ишенимдин жоголгондугуна байланыштуу» түшүндүрмөсү менен кызматтан четтетилгендин ордуна өз каалоосу менен кеткен оң да, - дейт эксперт.

Өз кезегинде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, отставкадагы генерал-майор Артур Медетбеков, Кыргызстанда акыркы жылдары пресса менен коомчулуктун пикири өтө чоң күчкө айланганы Кадыркуловдун кетишинин себеби болду.

- Биздин кээ бир аткаминерлер кызматынан кетиши керектигин түшүнгөн маалга жеттик, - деди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Идрис Кадыркулов -өз ишин мыкты билген кадрдагы кадровый офицер, балким анын бул чечими башка чоңдорго да таасир этет. Ал өзүн күчтүү инсан катары көрсөттү.

Ал ортодо укук коргоочу Рита Карасартова Идрис Кадыркуловдун отставкасы Кыргызстандагы жагымдуу өзгөрүүлөрдөн кабар берээрин белгиледи.
- Демек бизде бетиңе көлөкө түшкөндө кызматтан кетүү керек деген маданият жашайт, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Анын үстүнө коомдук пикирдин чоң орду бар. Биздин өлкөдө кол жеткис мекеме жок. Бирок, Кадыркуловдун отставкасы УКМКнын системасы реформага муктаж экенин да көрсөттү. Милициянын вазийпасы жүктөлгөн орган коррупция менен күрөшө албайт да.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов өз каалоосу менен оставкага кеткенин маалымдаган. Ал бул чечимин е-паспортторду чыгаруунун айланасында чыккан чырга байланыштырган.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх