Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутатттар УКМКнын башчысынын кызматтан кетиши тууралуу: Отставкага кетсе, демек күнөөсү бар.

«Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова өз оюнан чыгармак беле?»

Бүгүнтөн тарта Улуттук кооопсуздук комитетинин «мурдагы башчысы» болуп калган Идрис Кадыркулов биометрикалык паспортторду сатып алууда анын кызыкчылыгы болгон деген сөздөрдүн келип чыгышынан кийин отставкага кетип жатса, демек ал чынында эле кандайдыр-бир мыйзамсыз иштерге тиешеси болгон. Мындай оюн Vesti.kg сайтына депутат Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү- Прогресс») билдирди.

- Отставкага берсе, демек күнөөсү бар, - деген ойдо ал. - Андай болбосо эмнеге?

Анын бул оюна кесиптеши Махабат Мавлянова («Республика – Ата-Журт») дагы кошулат.
- Кадыркулов биометрикалык паспортторго байланыштуу чуулгандуу окуяга өзүнүн жооптуу экенин сезгендиги үчүн, отставкага берди болуш керек, - деп ал Vesti.kg сайтына берген маегинде божомолдоду.

Сайдолимжон Джураев (КСДП) УКМКнын экс-башчысы кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазбаганда, анын кетишинен башка себептерди издесе болоор эле, деп белгиледи. Бирок, ал кызматтан дал ушул «мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар» деген айыптоолор үчүн кетип жатканын жашырган жок, - деди депутат Vesti.kg сайтына.

- Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Алина Шаикова Идрис Кадыркуловдун жеке кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн айтып, билдирүү кылган күндүн эртеси ал отставкага кетип отурат, демек, бул чындык, - деп билдирди Vesti.kg сайтына Асель Кодуранова (КСДП). - Каттоо кызматынын мурдагы башчысы оюнан чыгарат беле? Ал эми анын бул сөздөргө ушундай реакция жасаганан, демек, аларда чындык бар деп түшүнсө болот.


Бүгүн эртең менен президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды.

Ага чейин ал кызматтан эмне себептен кетип жатканын түшүндүргөн билдирүүсүн тараткан.


«Акыркы убакытта ЖМКда коомчулук тарабынан КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алууга байланыштуу УКМКнын органдарынын сотко чейинки тергөө иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүм жөнүндө кызуу талкуулар жүрүп жатты. Бул жагдайларды эске алуу менен мен УКМКнын төрагалыгынан баш тартууну чечтим», - деп айтылат билдирүүдө.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх