Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адамкул Жунусовдун ишин иликтөө убактылуу токтотулду

 Бажы кызматынын мурдагы башчысына карата материалдар экспертизага жиберилди

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун иши боюнча соттук отурум болуп өтүп, ишти иликтөө мөөнөтү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Мындай чечим сотко өтүнүч каттын келип түшкөнүнөн кабыл алынганы белгилүү болду. - Адамкул Жунусовдун иши убактылуу токтотулду. Материалдар экспертизага жиберилди. Сотттолуучу Жунусов отурумга катышкан, анын акыбалы дурус болчу.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg МБКнын мурдагы башчысы боюнча илишктөө иштери аягына чыкканын кабарлаган эле. Биринчи соттук уктуруу айыпталуучунун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу 24-апрелге жылдырылган. Андан кийин соттолуучунун келбегендигинен процесс 15-майга жылган.

МБКнын экс-төрагасы 2018-жылдын август айында издөөгө алынган. Ага карата КРнын ККнин 304-беренеси боюнча (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголгон. Каржы полициясы Жунусов МБКнын башчысы болуп турганда «А» ЖЧКнун өкүлдөрү жана бажы кызматынын башка жооптуу кызматкерлери менен бирдикте туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн деп айыпташкан. Келтирилген зыян 167 миллион сомдон ашык каражатка бааланган. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып, АКШда жашынып жүргөн. 5-декабрда ал Бакуга келген. МБКнын мурдагы төрагасы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон кармалган.

Адамкул Жунусов возглавлял КРнын Мамлекеттик бажы кызматын 2013- жылдан 2016-жылга чейин башкарган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх