Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палатанын төрагасы Тартип комиссиясынан эскертүү алды

Эркинбек Мамыровго депутат Исхак Масалиевден арыз түшкөн

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровго эскертүү берди.Буга депутат Исхак Масалиевден түшкөн арыз негиз болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү айтып берди.

- Биз экс-президенттин кепилдиктерин талкуулап жатканда, Мамыров пресс-конференцияда өз пикирин айтып чыккан, мен ушул үчүн ага арыз бердим, - деп тактады депутат. - Анын мындай укугу жок болчу. Мен аны кызматтан бошотууну суранган элем, бирок комиссия эскертүү менен эле чектелип калды. Анткен менен, менин жүйөлөрүмө кошулгандары да сүйүнтөт.

Юридика илиминин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Конституциялык палатанын төрагасы чынында ката кетирген деген ойдо.

- Ал жөн гана эскертүү алды, бирок, бул жагдайдын кызыктуу жери - анын ыйгарым укуктары июлда аяктап, күзүндө мөөнөтүн узартуу үчүн болгон аракетин жумшаш керек болот, - деди Осмоналиев Vesti.kg сайтына. Эскертип кетчү жагдай, дал Мамыровдун башчылыгынын маалында парламент Жогорку соттун маалыматын уга алат деген жобону конституцияга туура келбейт деп табышкан. Депутаттар Мамыровдун мунусун дагы эстетишет го.

Кайрат Медербекович муну менен бирге Конституциялык палатанын төрагасы Жогорку соттун кайрылуусун палатага карап чыгууга жиберүү менен процессуалдык нормаларды бузгандыгын кошумчалады.

- Балким, эртең бул боюнча да арыз жаза турган киши болуп калса, анда Мамыровдун ыйгарым укуктарын узартуу мүмкүндүгү кыйла кыскарат, - деп сөзүн жыйынтыктады профессор.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх