Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт күзүндө отставкага кетеби?

Жогорку Кеңештин депутаттары отставкага кетүү кезеги билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрлеринде деген ойдо

Акыркы убакта Кыргызстандын өкмөтү неченчи ирет катуу сынга кабылып отурат. Айрым министрликтердин, өкмөт башчынын ишине нааразычылыктар парламентте эле эмес, коомчулукта дагы байма-бай айтылууда.

Мектеп окуу китептериндеги грамматикалык каталар, жергиликтүү дыйкандардын экспортко жиберген айыл чарба азыктарынын баасынын төмөндөшү, ошондой эле, премьер-министрдин жетекчилик кызматта отурган туугандары туурасындагы акыркы маалыматтар буга себеп болуп отурат.
Ээлеген кызматтарынан «өз каалоосу менен» УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, өкмөт аппаратынын төрагасы Шамилбек Асымбеков, анын орун басары Мурат Мукамбетов жана Байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев кетүүгө жетишти.

Бүгүн экономика министри Олег Панкратовдун жана айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин кеткени белгилүү болду.

Кээ бир парламент өкүлдөрү менен саясат таануучулар жакын арада башка министрлердин да кетишин күтүүгө болот деп божомолдошууда.

Депутат Марлен Маматалиев Vesti.kg сайтына отставкага кетүү кезеги Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин башчыларында дейт.

- Өз-өзүнчө карай турган болсок, Шаршембиев «КТ Мобайлдын» чырынан кийин, ал эми экономика жана айыл чарба министрлери элдин сынынан кийин кетишти, - деп белгиледи ал. -Ал эми Олег Панкратов менен Нурбек Мурашевдин ишмердүүлүгү буга чейин эле бир катар канааттандырарлык эмес деп табылып келген. Кийинки кезек, менимче саламаттыкты сактоо министри менен билим берүү министринде.

Башка депутат, Кенжебек Бокоев, жакын арада өкмөттүн бардык курамы жаңыланышы мүмкүн деп эсептейт.

- Бүтүн өкмөт алмашат го, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Туугандарына байланышкан ызу-чуудан кийин өкмөт башчынын бул кызмат ордун ээлегенген моралдык деле укугу жок. Ал кызматында президенттин колдоосу менен эле кармалып отурат. Бардыгыбыз билгендей, Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылып, биз аны кабыл алып бербедик беле.

Бүтүндөй министрлер кабинетинин отставкасы туурасында саясат таануучу Марс Сариев дагы айтууда. Vesti.kg менен болгон маегинде ал кадрлардын алмашуусу күз айларында күтүлүүдө деди.

- Жаңы отставкалар дагы болот го деген ойдомун, - деди эксперт. Негизи, Экономика министрлигинин башчысы Олег Панкратов ордунда калса болот болчу. Азыр абдан көп чоңдор кетип жатат, бул өкмөттүн келечеги жок экенин бардыгы эле түшүнүп жатат го. Күздөн кеч эмес өкмөт отставкага кетет. Ошон үчүн баары ага чейин кетип калганга шашып жатышат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх