Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: «Атамбаевсиз КСДП» шайлоодо ийгиликке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар

 «Акыркы кезде экс-президенттин тарапташтарынын аягы суюлуп келе жатат»

«Атамбаевсиз КСДПда» келе жаткан парламенттик шайлоодо жакшы жетишкендиктерди көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар». Мындай ою менен Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Акыркы кезде Алмазбек Атамбаевдин көп деле тараштары калбады, - деп белгиледи ал. -Анын үстүнө ал экс-президент иммунитетин сактап калыш үчүн партиядан чыгууга мажбур болбодубу. Анын бул кадамы жеңилгендик катары да кабыл алынышы мүмкүн. Бул жагдайда Сагынбек Абдрахмановдун демине дем кошулуп, ал тургай жетектей баштаган саясий бирикме менен шайлоого катышканы белсенип алды. Ал араларына көп эле адам жыйнай алат го деген ойдомун, анткени «Атамбаевсиз КСДП» бийликтин колдоосуна ээ да.

Марс Осмонкулович азыркы учурда Атамбаев мурда башчылык кылган «социал-демократтардын» тобу башынан кыйынчылыктарды кечирип жатканын дагы кошумчалады.

- Кыйынчылыктар эми дагы көбөйөт, ошондуктан, «Атамбаевсиз КСДП» бийликтин жаңы партиясы болуп калышы толук ыктымал - деп божомолдоду ал.

Тактай кетсек, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов пресс-конференцияда өзү жетектеген саясий бирикме 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо катыша турганын билдирген.

Буга чейин ал анын колу астында эки адам жергиликтүү кеңештин депутаттары болгонун маалымдаган.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх