Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевди мүлкү тууралуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. КСДП маалыматты жарым-жартылай тастыктады

 Атап айтканда экс-президенттин Ысык-Көлдө ден-соолукту чыңдоочу борбор менен ашканасы жок

«Жаңы ордо» жергиликтүү гезитинде 17-майда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен анын жакындарына «тийиштүү» кыймылсыз мүлктөрдүн тизмеси жазылган макала жарык көргөн. Андагы маалыматтарга ылайык, мурдагы өлкө башчысынын кызы Алия Шагиевага Бишкектеги Киев көчөсүнүн 80-үйүндө жайгашкан батир катталган. Саясатчынын мурдагы жубайы Бабуажар Атамбаеванын атында Кой-Таштагы үй катталганы жазылган. Мындан сырткары, макалада экс-президенттин башка туугандарына катталган мүлктөр да келтирилген.

Нажмите чтобы увеличить изображение atamb1.jpgНажмите чтобы увеличить изображение atamb1.jpg

Vesti.kg бул боюнча КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага кайрылып, жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка жатабы билүүгө аракет кылды.

- Экс-президент мындан ары партиянын лидери эмес, андыктан мен Алмазбек Шаршеновичтин атынан жооп бере албайм, - деди ал. - Андагы кээ бир маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мисалы, ага Ысык-Көлдөгү ден-соолукту чыңдоочу борбор менен ашкана тиешелүү экени. Мүлктүн жарымын жөн эле асмандан алып кошуп коюшкан. Бирок, кээ бирлери чынында эле бар. Бул маселе боюнча юристтерден такташ керек. Мындан сырткары, декларацияны карап чыкса болот.

Муну менен бирге, Жолдубаева учурда юристтер Алмазбек Атамбаевдин кыймылсыз мүлктөрү туурасында маалымат даярдап жатканын белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх