Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раимбек Матраимов ички иштер министринин мурдагы орун басарын гезиттин башкы редактору менен жараштырды

Данияр Абдыкадыровдун басылма менен соттошуудан баш тартканына Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары себепчи болду

ИИМнин башчысынын мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевден 10 миллион сомдук доосунан баш тартты.
Сартбаев Vesti.kg сайтына тараптардын жарашуусуна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов чоң себепчи болгон.

- Генерал Данияр Абдыкаров сотко ар намысын жана абийирин коргоо боюнча доо арыз берген, - деп эскертип кетти басылманын башкы редактору. Доо арыз жоопкерден 10 млн сом өндүрүүнү көздөгөн эле, бирок, Раимбек Исмаилов биздин элдешүүбүзгө себепчи болуп, Абдыкадыров жакында эле менин менен соттошпой турганын билдирди.

Сартбаев доо арыз бир нече жылдан берки экс-замминистр туурасындагы, ошондой эле киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Камила Дүйшебаева жөнүндөгү макалалар үчүн берилгенин маалымдады.

Эскерте кетсек, Дүйшебаеванын жансыз денеси 2014-жылы март айында табылган.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх