Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина - премьерге: Нурбек Мурашевге ардак грамотасын биротоло берсеңер болмок?!

Депутат айыл чарба министрине өз каалоосу менен кетүүгө жол берилгенине нааразы болду. Ал башка аныктама менен кетиши керек болчу дейт

Депутат Ирина Карамушкинаны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин министр орундарына талапкерлерди кантип тандаары кызыктырды. Парламент өкүлү өз суроосун премьерге Жогорку Кеңештин жыйынында узаткан.

- Сиз өзүңүз тандайсызбы же сизге таңуулашабы? - деп суроосун узатты ал.

Буга Абылгазиев учурдагы талапкерлердин бардыгын өзү тандагандыгын айтты.

- Бирок, буга чейин биз консультация деле кылчубуз, - деп белгиледи ал.- Бардык талапкерлерди мен алардын тажрыйбасына карап тандадым.

Муну менен бирге Карамушкина мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев ишинин баарын бүлдүрүп туруп, «өз каалоосу менен кеткенине» нааразычылыгын билдирди.

- Биротоло ага ардак грамотасын берсеңер болмок? - деди ал премьерге. - Эч нерсе кылбаган министрлер кийин эч кандай жоопкерчилик тартпай туруп, өз каалоосу менен кеткендери качан токтойт. Жок дегенде формулировкасын өзгөртүп койсоңор боло.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңешке өкмөттөгү бош орундар үчүн талапкерлер көрсөтүлдү. Алардын арасында: өкмөттүн аппаратынын жетекчилигине - Самат Кылжыев, экономика министри кызматына Санжар Муканбектов, айыл чарба министри кызмат ордуна сунушталган Эркинбек Чодуев жана Маалыматык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылыгына талапкер Дастан Догоев бар.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх