Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рита Карасартова: Мамлекеттик кызматкерлерге автоунаа менен эмерек сатып алууга тыюу салыш керек

Эксперттер ЖКнын токтомуна оң көз карашта

Аткаминерлер ар кандай эмерек жана автоунааларды сатып алуу менен оңой баюу мүмкүндүгүнө ээ болушат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

- Ар кандай буюмдарды сатып алуу менен аткаминерлер өз чөнтөгүнө салганга оңой акча таба алышат, - деп белгиледи ал. - Эч ким реформа тууралуу ойлобойт. - Балким кескин түрдө «стоп» деп, унаа, эмерек сатып алуудан баш тарткан убакыт келгендир? Биз эмне жасап жатканыбызды, аны кантип аткарып жатканыбызды ойлонушубуз керек. Көп учурда биз мекемелерде (мисалы, Билим берүү министрлигинде) кандайдыр-бир акча каражаты калып калып, ал акчаны кызматкерлерин окутуп, кесипкөйлүүлүктөрүн арттыруунун ордуна стөл же терезе парда сатып алышканына күбө болобуз. Бул токтом бүгүнкү күндө курч болуп жаткан маселелерден натыйжасында чыкты го дейм. Бул мораторий жылдын аягына чейин салынса экен деп турам.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Vesti.kg сайтына берген маегинде аткаминерлердин кирешелери менен чыгашаларынын ортосундагы ири айырмачылыкты жок кылуу үчүн алардын айлык акыларын көбөйтүү керек деди.

- Ар бир министрликтин мамлекеттик сатып алуулары болот, - деп белгиледи ал. Ар бир адамдын өзүнө бир нерсе сатып алууга укугу бар. Бирок, кийин декларация тапшырчу учурда ар бир сатып алган нерсеңди негиздеп беришиң керек. Бул аткаминерлердин кирешелерин тизгиндөө максаты менен киргизилип жатат. Адам өзүнүн ар бир иш-аракетине жооп бериши керек. Мындан сырткары, биз кийин кирешелери менен сатып алууларынын ортосунда чоң ажырым болбош үчүн мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө тийишпиз. Декларацияда мунун бардыгы анан салыштырылат. Эгерде аткаминер кымбат баалуу бир нерсе сатып алса, ал аны кайсы каражатка алганын түшүндүрүп берсин. Мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирбегендерге мунун тиешеси жок.

Тактай кетсек, ЖКнын депутаттары кечээ мамлекеттик органдарга автоунаа менен эмерек сатып алууга тыюу салып, оргтехника сатып алууга жол берген токтомдун долбоорун карап чыгышты. Мында мектептер менен медициналык мекемелерге эмерек сатып алууга тыюу салынбайт.

 

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх