Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Эксперт: ЕАЭБде бажы постторун эки ай үчүн коюуга макул болушпайт го

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чек арага үч баскычтуу көзөмөл орнотууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык Экономикалык Биримдиктин сырткы чек араларына товарлардын кирип-чыгуу процедурасын ачык кылуу үчүн үч баскычтуу көзөмөл орнотууну сунуштады. Кыргыз тараптын бул сунушу Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин Нур-Султанда өткөн мааракелик жыйынында айтылды. Жээнбековдун айтымында, акыркы маалда Кыргызстандын дарегине бажы төлөмдөрүн жашыруу боюнча көптөгөн сын-пикирлер айтылууда.

Ал ортодо УКМКнын экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстандын президентинин сунушу - айтылып жаткан сынга шайкеш жооп болгонун белгиледи.

-Бул сунуш боюнча биринчи кезекте - ЕАЭБ боюнча кесиптештер буга макул болобу деген суроо келип чыгат, - деген оюн билдирди эксперт.- Анткени, мындай көзөмөл жүргүзүү үчүн каражат жумшалат. Бул кошумча инфраструктура, посттор, кызматкерлердин жайгашуу жерлери. Анын үстүнө система көп тараптуу катары каралып жатпайбы. Кайра эле түзүлгөн схеманын логистикасы жакшы ойлонуштурулган болушу шарт.

Мамытканов Кыргызстандын президентинин билдирүүсү аткаруучулук эмес, көбүрөөк декларативдик мүнөздө айтылганын божомолдоду. Албетте, Сооронбай Жээнбековдун сунушунда негиздүүлүк жок эмес, бирок аны ишке ашыруу маселеси чоң күмөн жаратат.

-Анын үстүнө үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстан ЕАЭБнын сырткы чек араларындагы бажы көзөмөлүнүн толук жаңыланган объектилерин алышы керек. - Казакстан менен Орусиянын чек арачылары эчактан бери эле электрондук форматта иш жүргүзүшөт. Жакын арада Кыргызстан дагы бул системага кирет. Ошон үчүн евразиялык өнөктөштөрүбүз эки ай үчүн кошумча постторду койбойт деле го.


Бакыт Чермашев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх