Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Хасанов «Чоң Казат» кыймылынан чыктыбы? (фото)

Бирикменин лидерлеринин бири Максат Мамытканов тарапташынын билдирүүсүн четке какты

Канат Хасанов «Чоң Казат» кыймылынан чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында комментарийлерде жазган.

«Мен эми Чоң Казаттын катарында эмесмин, ден-соолук өйдөөрөк, дарыланууга кетип жатам», — деп жазган ал.

Vesti.kg кыймылдын лидерлеринин бири Максат Мамытканов менен байланышып, ал өз кезегинде бул маалыматты четке какты.

- Канат Хасанов ал кыймылдан чыкканын айткан да жазган да жок. Бул комментарий, кыймылдын билдирүүсү эмес, - деп баса белгиледи ал. - Ал биздин катарда эле, болгону үй-бүлөлүк жагдайларына жана ден-соолугуна байланыштуу дарылайын деп чечти. Биз колдодук. Ал чет өлкөгө барып, операция өтүүгө муктаж. Буга чейин да бир нече жолу барып келген, азыр пландык кароодон өтүп, дарыланышы керек.

Мамыткановдун айтымында Хасанов Чоң Казаттын иштерине активдүү катышуусун улантат.

- Ал кетсе да, телефон, Фейсбук деген бар да, - деди ал.

Канат Хасановдун өзүнөн жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх