Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20 миң жумушсуз кыргызстандыкты убактылуу ишке орноштурат

Долбоорго 200 млн сом сарптоо пландалууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун айынан жумушсуз калган жарандарга убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн 200 млн сом бөлүүнү пландоодо. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мекеме 20 миң адамга колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси Асель Кемелова билдирди.

- Биз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жана жумуш берүүчүлөргө жумуштуулук органдары менен биргеликте жумушсуз жарандарды акы төлөнгөн коомдук иштерге жалдоону сунуштап жатабыз, - деп тактады ал. - Коомдук жумуштарга мектеп, бала бакча, ооруканалардын ремонту, аймактарды жашылдандыруу, калкты каттоо ж.б. кирет. Мындай ишке коронавирустун айынан жумушсуз калган жарандар кире алат, бирок, колдоо эң көп дегенде эки ай жүрөт.

Кемелова жумуш орундары аймактар боюнча жумушсуз жарандардын санына жараша бөлүнөрүн кошумчалады.

- Долбоорду ишке ашыруу жакынкы аралыкта башталып, жылдын аягына чейин узарат деп пландап жатабыз, - деди ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх