Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте трансгендердик кыздар такси айдоочулары менен мушташып кетишти (видео)

Айдоочу айымдардын эркек үндөрүн байкап калып, кыжырданып кеткен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышканы белгилүү

Бишкекте трансгендердик кыздардын эркек үндөрүн байкап калган такси айдоочулары аларды ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу Мария (аты өзгөртүлдү) Vesti.kg сайтына окуянын чоо-жайын айтып берип, сүрөт жана видео материалдары менен да бөлүштү.

Анын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылы 5-майда борбордогу 5-микрорайондун кафелеринин биринин астында болуп өткөн. Болжол менен саат 6:00дө ал курбусу менен кафеден чыгып, үйгө жетүү үчүн такси чакырышкан.

- Биз «Намба таксини» чакырганбыз, мен көчөгө курбумдан кечирээк чыккан элем, чыгып ал айдоочу менен урушуп жатканын көрдүм. - Мен эмне болгонун сурап, айдоочу менен айтышып кеттим. 50 метрдей жүргөн соң ал унааны токтотуп, мени чачымдан сүйрөп эшикке чыгарып, уруп баштады. Ага дагы бир таксист кошулуп, экоо бизди ур-тепкиге алышып, сөгүп жатышты".

(Абайлаңыз, ненормативдик лексика)

«Намбанын» айдоочусу кыздардын биринин телефонун да сындырып салган. Трансгендер Мария өзүнүн өзгөчөлүгүнүн (эркек денесиндеги аял) айынан көптөгөн кордуктарга дуушар болушаарын айтып кейиди.

- Таксисттер бизди жеткизүүдөн баш тартып, сөгүшөт, - деп кошумчалады ал. - Мен бул окуядан кийин үйгө келип, тамырымды кесип, өз жанымды кыюуга аракет кылгам. Мени досум келип куткарып калды. Курбум менен милицияга барып такси айдоочуларынын үстүнөн арыз жазып, бирок ал жерден дагы басымга туш болдук. Тергөөчү сынган телефонду ыргытып, бизге орой мамиле кылып жатты.

Мария Октябрь райондук прокуратурасына кайрылганын, алар бул ишти башка тергөөчү алып барат деп убадалашканын кошумчалады.



Зулайка Эркимбаева

Фото www     



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх