Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөндүк блогер аялды тээп жиберип, анын операциядан кийин тигилген жерлери ажырап кеткен

Ош облусунун ИИБсы кармалган Бауржан Кадырбековду милиция бөлүмүндө эч ким ур-тепкиге алган эмес деп ишендирди

Кыргызстандын түштүгүндө кармалган блогер Бауржан Кадырбековду милиция кызматкерлери сабаган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады.

Өзүн жарандык активист атаган Өзгөн шаарынын тургуну жергиликтүү азык-түлүк дүкөндөрүнө «рейд» жасап, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды видеого тартып алып жүргөн.

Чогулткан видеоматериалдарын ал «Чындык Маалымат KG» аталыштагы YouTube-каналына жарыялачу.

Кадырбеков үстүбүздөгү жылдын 8-майында кармалып, 11инде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Апасы кийин баласы милиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылып, азыр баса албай калганын айтып чыккан.

- Биздин маалыматка ылайык, ал өз алдынча басып жүрөт жана абалы да жакшы, - деди Аширбаев. - Эмне үчүн ал апасына буттарым ооруп жатат деген беглгисиз. Милиция бөлүмүндө аны эч ким сабаган эмес. Апасынын билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Жеңиш Аширбаев тактап өткөндөй, блогердин кармалышынан анын агрессивдик жүрүм-туруму себеп болгон.

- Бауржан Кадырбековго ишкерлерден бардыгы болуп 4 арыз келип түшкөн, - деп тактай кетишти милицияда. Кээ бирлери анын акча доолап келгендигин билдиришкен. Буга байланыштуу текшерүү жүрүп жатат. Мындан сырткары, дүкөндөрдүн биринде блогер менен кардарлардын ортосунда уруш чыгып кеткен. Бул окуянын видеосу интернетке тарап кеткен. Анда Бауржан аларды Кадыржан Батыровдун тарапташысыңар деп опузалаган. Эл аралык кастыкты козутуу болгонбу-жокпу, аны экспертиза аныктайт.

Ошондой эле, Бауржан Кадырбековго карата ишкерлердин жактоочусу Диля Абакджановадан арыз келип түшкөн.

- Милиция бөлүмүндө териштирүү жүрүп жаткан маалда юрист менен блогер тилдеше кеткен, - деп кошумчалашты ИИБда. Аял бөлмөдөн сыртка чыгып кеткенден кийин Кадырбеков анын аркасынан барып, түртүп, тээп жиберген. Жактоочу андан эки күн мурда гана операциядан кийин доктурдан чыккан. Ал жерге жыгылып түшүп, операциядан кийин тигилген жерлери ажырап кеткен.

Блогер магазиндерди кыдырып, видео тартып жүргөндө милицияга телефон чалчу.

- Блогердик кылып баштагандан бери ал жалпы жонунан 5 жолу тартип коргоочуларды чакырткан, - деп белгиледи Аширбаев. - Дүкөндөрдүн кожоюндары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлчү.

Бауржан Кадырбеков үстүбүздөгү жылдын 8-июнуна чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Анын YouTube каналы 2019-жылдын 22-мартынта ачылган.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх