Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Опузалап акча талап кылган УКМКнын кызматкери гарнизондук гауптвахтага камакка алынды

 Кармалган чекист текшерүүнү токтотууга 350 миң сом талап кылган

Бишкекте УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери Аскердик прокуратура менен бирдикте Улуттук коопсуздук комитенинин ыкчам кызматкерин кармаган.

- УКМКнын АККнын материалдарына ылайык үстүбүздөгү жылдын 17-майында мекеменин кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган, - деп Vesti.kg сайтына УКМКда билдиришти. - Аныкталгандай, ал текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылган.

Аталган факт КРнын ККнин 320 жана 326 беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

- Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизондук жаза өтүүчү жайына (гауптвахта) камалды, - деп мекеменин басма сөз кызматында кошумчалашты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх