Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызганчаак жигит сүйлөшкөн кызынын классташтарын бир катарга тизип, ур-токмокко алган(видео)

 Жалал-Абад облусунун ИИБ аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди

Социалдык тармактарда жаш жигиттин мектеп окуучуларын бир катарга тизип, уруп жаткандагы видеосу тарап жатат.

Vesti.kg бул боюнча Жалал-Абад облусунун ИИБнө кайрылды.

- Бул окуя 28-май күнү болуп өткөн, - дешти милицияда. Азыркы тапта биздин кызматкерлер видеонун бардык катышуучуларынан сурак алып жатышат. Күч колдонуп жаткан бала - 11-класстын окуучусу. Жабыркагандар - 9-класстын окуучулары. Алар Базар-Коргон районундагы Гумхан айылынын № 18-орто мектебинин окуучулары болуп саналат. Бирок, белгилей кетчү жагдай, мектептин бул окуяга тиешеси жок. Балдар мектептин жанында эмес, айылдагы кафенин алдында турушат. Маалым болгондой, 11-класстын окуучусунун сүйлөшкөн кызы ошол 9-класс балдар менен чогуу окуйт экен. Алар чогуу сүрөткө түшүшкөн. Ошондой эле, классташтары ал кызга тийишкендиги айтылууда. Кызганган 11-класстын окуучусу берки балдарды териштирүүгө чакырмакчы болот.

Ал ортодо Жалал-Абад облусунун ИИБ жабыркаган балдардын бири да милицияга арыз менен кайрылбаганын белгилеп, аталган факт КЖБРде катталганын кабарлашты. КР КК «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

 

 


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх