Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбековдун Сочиде Путин менен жоолугушуусу күтүлүүдө

Президент Жээнбеков Россия Федерациясына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Сочиге учуп кетти. Отурумдун журүшүндө Уюмдун алкагындагы соода-экономикалык көйгөйлүү маселелер талкууланат, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигиндеги мындан аркы интеграция каралат.
Евразиялык экономикалык комиссиянын отурумунда  "Кыргыз Республикасынын бул Уюмдагы эки жылдык имердүүлүгү тууралуу доклад окулат. Анын акыркы эки жыл ичиндеги жыйынтыктары каралат".
 
Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын президенти Владимит Путин менен эки тараптуу жоолугушуусу белгиленүүдө. Жоолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык карым катнашты күчөтүү талкууланмакчы.
Андан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Николь Пашинян менен жоолугат.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх