Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аргынбек Малабаев өзүнүн президент менен жакын туугандыгы тууралуу сөздөрдү четке какты

 Транспорт жана коммуникациянын экс-министри Аргынбек Малабаев Сооронбай Жээнбековдун бир тууганынын аялы аны менен айылдаш жана кыйыр туугандардан болуп кетээрин айтты

Транспорт жана коммуникация экс-министри Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Сооронбай Жээнбековдун Украинада элчилик кызматты өтөгөн агасы Жусупбек Шариповдун аялы менен тууган экендигин четке какты.

Ал өз сөзүндө Жусупбек Шариповдун аялы менен жөн гана айылдаш экендигин айтты. – Биз бир айылданбыз жана ал менин абамдын кызы эмес.

- Биз кыйыр туугандардан болуп кетебиз, -деди ал.

Экс-министр Аргынбек Малабаев bagyt.kg сайтынын билдирүүсү боюнча Сооронбай Жээнбековдун жакын кудасы болчу. Президенттин агасы Жусупбек Шариповдун аялы Аргынбек Малабаевдин абасынын кызы болот. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Малабаев Атамбаевди каралай баштады, болбосо Атамбаев аны убагында министрликке чейин көтөргөн. Андан да өзүн өзү көкүрөккө койгулап: “ Бишкекке мэр болом, болбосо Чүйгө губернатор болом””, - дегендигин жазат. 2016-жылы Балыкчы-Корумду автожолунун курулушундагы тендерге байланышкан жаңжалдын айынан Аргынбек Малабаев министрлик постту таштап кеткендигин эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх