Балдардын бассейнине киринген чекистти ишинен бошотушту
- жолу 914 кароо
УКМК кызматтык иликтөөнүн бүткөндүгүн билдирди
УКМК кызматкери Ильяз Имангазиевди үйдүн короосундагы балдардын бассейнине мас болуп алып кирингендиги үчүн жумуштан бошотушту. Бул туурасында Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
- Кызматтык иликтөө бүттү. Имангазиевди бошотушту, - деп маалымдашты УКМКдан.
Мурдараак Vesti.kg сайтына Панфилов көчөсүндөгү көп квартиралуу үйдүн жашоочулары өздөрүнүн УКМК кызматкери Ильяз Имангазиев деген кошунасынын мыйзамсыз жоруктары тууралуу билдиришкендигин эске салабыз.
Шаардыктардын айтымында, ал киши короодо ичип мас болуп, балдардын бассейнине киринген. Кошуналарынын нааразычылыгына коркутуу жана кордоо менен жооп берген.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Окшош макалалар
- УКМК диктофонду скотч менен чаптап, айылдык ыкмага салышы мүмкүнбү?
- Бишкектин экс-вице-мэрин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышты
- УКМК мамлекетке 143 миллион сом акча өндүрүп берди
- УКМК кандай жол менен коррупциялык акчаларды өндурөт?
- Депутат Осмонбек Артыкбаевди ооруканадан УКМК тергөө абагына которушту