Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Эгерде Жогорку Кеңеш Лунара Мамытованы ушундан кийин деле ордунда калтыра берсе, анда элге кылган мамилесин көрсөтөт"

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басарынын "ушактаганды токтотуп, пенсияңарды топтоп саякатка чыккыла"  деген сөзү көпчүлүктүн катуу сынына кабылды

Пенсионерлерди пенсияңарды топтоп чет мамлекетке эс алууга баргыла дегени таптакыр уятсыздык. лунара Мамытованын билдирүүсүнө карата өз оюн  Vesti.kg сайтына профессор, саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

Түшүндүрө кетели, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова соңиалдык тармактагы өзүнүн баракчасына "ушакты токтотуп, чет өлкөгө саякатка пенсияңарды топтогула"  деген билдирүүсүн шардана кылды.  


"Франция, Германия, Бельгия, Америка, Турция, Египет жана көптөгөн башка өлкөлөрдө болдум, - деп эсеп берет чиновник аял. - Бул кызматка келе электе эле өз акчама кыдырып койгом. Менин жашоодогу урааным: "Байлык мурат эмес, дүйнө кезүү маанилүү. Ушундай гана жол менен ички дүйнөңдү жана акыл эсиңди өстүрүүгө болот. Ошондуктан катып койгон акчаларды алып чык сандыктан! Алтургай 6-7 миң алган пенсионерлер деле акча топтоп барып келсе болот саякатка. Эртеңки күн бүгүнкү күндөн башталат. Актанбай эле кой. Кимдир бирөө тууралуу ушак машактын ордуна өзүңдү бактылуу кыл".

- Социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеген адам катары мындай нерсени кантип сүйлөөгө болот? - деп нааразы болот Айнура Атыгаевна. - Ал пенсионерлердин чыныгы акыбалдарын билүүсү зарыл болчу. Бирок ал чамасы башка дүйнөдөн келген окшойт. Мындай чиновниктерди иштетпеш керек. Мамлекеттик кызматкер болуп туруп социалдык тармактарда жыргал жашоону көрсөтүп жатат. Анын үстүнө Лунара Мамытова пенсионерлер менен иш алып барчу мекемеде иштейт. Эгерде парламент аны ордунда калтырса, бул алардын элге болгон көз карашын билдирет. Социалдык өнүктүрүү Министрлигиндегилер чет өлкөлөргө таркап кетишиптир, ал жерде ким иштеп жатты ал убакта? Биздин пенсионерлердин акыбалдары оор.

Өз кезегинде укук коргоочу Рита Карасартова чындап эле лунара Мамытова пенсионерлердин баары эле чет мамлекетке акча топтоп, саякат кыла албастыгын түшүнө албайт окшойт дейт.

- Адам бай үй бүлөдө туулуп өссө, ал башка адамдардын бир гана пенсияга жашай албастыгын түшүнбөй калат, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Ал сулуу көздөрү үчүн эмес, акчасы бар болгону үчүн депутат болду, ошондой эле министрдин орун басарлыгына да карьердик тепкич менен келген жок. Мындай адамдардын сөздөрүнө таарынбай эле койсо да болот. Лунарага жогорулатылган пенсия берип көргүлө, ошондо гана түшүнөт ал жашоо эмне экендигин. Улгайган адамдар өмүр бою иштеп, көп акчаларын дарыга жумшашат, ден соолугу үчүн кам көрө баштайт.

Рита Рахманова Кыргызстанда капкачан эле пенсиялык системанын жаңы моделин караштыруу керектигин байкаган.
- Ден соолукка жаш кезектен баштап кам көрүү керек, ошондо узагыраак жашайсың, - дейт ал. - Ошондой эле Лунара сыяктуу чиновниктердин жашоосун өзгөртүү керек, болбосо алар башка дүйнөдө жашап жатышат. Алар баары "Окей"  деп ойлошот, анткени өздөрүндө баары жакшы. бирок биз өзүбүз ошол сыяктуулардын кызматка келишине жол бердик.

Мен өзүмдөн улам билемин, эс алууга акча топтоо кыйын нерсе. Бул нерсе бир гана ишкерлердин же гранттарды каалагандай калчаган чиновниктердин колунан гана келиши мүмкүн. Мамлекеттин керегине деген акчадан өзүнүн эс алуусуна алып алат.

Белгилей кетели, Vesti.kg сайтынын редакциясы Лунара Мамытовага саякатка баруу үчүн канча акча каражаты талап кылынаары тууралуу маалымат берип коюуну туура көрдү. Кыргызстандын бир туристтик фирмасынын турунун баасы төмөндөгүдөй:

Италия менен Парижге саякаттоонун баасы 46 миң сом;
Египет - 28 миң сом;
Дубай - 21 миң сомдон жогору;

Айтып коё турган нерсе, турдун баасына авиабилет, жатакана, тамак аш жана башка чыгымдар кирет. Ал эми виза жасоо чыгымы өзүнчө.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайты Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын ЖК тийешелүү комитетинин жыйынында эмгек жана социалдык коргооо Министрлигинин жетекчилиги, атап айтканда Лунара Мамытова элчилик паспортту жеке максатына пайдалангандыгын айтканын жазган эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх