Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар өздөрүнүн Ош мэриясынын кадр саясатына киришип жаткандарын билишпейт

Мурда аларды бул тууралуу түштүк борбордун шаар башчысы күнөөлөгөн болчу

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин депутаттарынан ал башкарган мекеменин муниципалитетинин кадр саясатына киришпөөнү суранган. Ал Ош шаар кеңешинин депутаттарынын сессиясында бул тууралуу билдиргендигин Turmush сайты билдирет.

Шаар кеңешинин кээ бир депутаттары мэрге кадрлык алмашууларды сунуш кылышты. Мэр карап көрүүгө макул болду. Бирок төмөнкүлөрдү баса белгиледи:

«Эгерде силердин өз кызыкчылыгыңар бар болсо, анда мындай маселе каралбайт, - деди ал. - Мен жакында эле дайындалдым бул кызматка, карап көрүшүм керек кимдин кандай иштегендигин. Иштебеген жетекчилер кызматынан кол жууйт. Иштеген адамдар гана калат. Кайсы бир кадрга жан тартуу деген болбош керек. Жогорку Кеңештин депутаттарына айтып койгула кадр саясатына кирише бербесин».

Vesti.kg сайты депутаттарга Оштун мэринин ыктатуусун түшүндүрүп берүү үчүн кайрылды. Бирок депутаттардын сөзү боюнча, алар кийлигишүү тууралуу эч нерсе билбейт экен.

- Мисалы, мен жеке өзүм эч качан кийлигишкен эмесмин эч кандай кадр саясатына, - деп жооп берди Рада Туманбаева Vesti.kg сайтына. - Менин кесиптештеримдин да мындай маселеге тийешеси бар экендигин да уга элекмин. Бирок Сарыбашов туура айтат: Ош мэриясынын кадр саясаты анын жеке иши.

Vesti.kg сайтына эч нерседен кабары жок экендигин Аида Исмаилова айтты. Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, ал Ош муниципалитетинин башчысынын нааразычылыгын биринчи жолу угуп жатат.

- Мен билбейм жана эч качан уккан эмесмин Ош мэриясынын кадрлык иштерине аралашуу тууралуу, - деп кошумчалады ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.  Депутаттар Таабалды Тиллаев, Максат Сабиров жана Бактыбек Райымкуловдор да ушул эле сөздү айтышты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх