Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

7-апрелде аянтта каза тапкан жигиттин тууганы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранууда

"Ок чыгарууга ал эч кандай буйрук бербегендигин "Альфанын" бардык кызматкерлери айтууда"

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы ок чыгарууга буйрук берген эмес. 20 жылга эркинен ажыратылган генералдын ишин адилеттик менен кароону Апрель революциясынын баатыры жана аянтта каза тапкан 17 жаштагы Нурсултан Табалдиевдин тууганы Расул Умбеталиев суранууда.

Умбеталиев Ала-Тоо аянтында 7-апрелде курман болгондордун туугандары тарабынан түзүлгөн «Эр-Теги» КБнин мүчөсү катары алардын кызыкчылыктарын соттордо коргоп келет.

«2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга байланыштуу Аскердик соттун коллегиясы өткөргөн соттук отурумдардын жүрүшүндө төрага Нурлан Эшимбеков: «Мурат Суталинов митингчилерге каршы ок чыгаруу буйругун бергенби?" суроосун Альфанын" мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиевге, ошондой эле атайын кызматтын "Альфа" тобунун кызматкерлери Сергей Цигельников, Тимур Попов, Олег Ребенок, Жеңишбек Бабараимов, Канат Кадыров, Талантбек Мамытов жана Медет Исаковго дагы берген. "Альфанын" бардык кызматкерлери УКМКНын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы ок чыгарууга буйрук бербегендигин айтышкан.»

Бирок, Республикалык аскер соту 2016-жылдын 3-июнунда Бишкек гарнизонун Аскердик соту тарабынан кабыл алынган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, ал эми УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы отрядынын мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылган.

Жолдошалиевге 7-апрелде ал 4 жүк ташуучу унаага 19 автомат, 13 тапанча, снайпердик мылтык, ошондой эле 10 миңге жакын ок жана патрондорду жүктөп, алардын бардыгын Алмата көчөсүндөгү (азыркы 7-апрель көчөсү) Форум имаратынын жанына алдырып жиберген деген айып тагылган. Аскердик сот командир жетекчиликтин макулдугу жок ушунча куралды өз билемдикке салган деген жыйынтыкка келген.
«Альфа» атайын отрядынын алты кызматчысы акталып чыккан. Жетинчи кызматкер -Жеңишбек Бабараимов соттун өкүмү чыкканга чейин антитеррордук операция маалында каза тапкан.

«Алигиче «өтө жашыруун» грифи менен сакталып турган 7-апрелдеги кандуу окуяларга байланыштуу бүдөмүк суроолор абдан көп»,-дейт Умбеталиев. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү КРнын экс премьер-министри менен УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду Казакстандын чек арасына жеткирип коюшкан. Тастыкталбаган маалымат боюнча алар кийин кайра өздөрүнүн "босторун" сатып кетишкен.

2010-жылдын 13-апрелинде Убактылуу өкмөт Мурат Суталиновго издөө салып, аны жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлерди тынч демонстранттарга каршы ок атуу буйругун берген деген жүйө таккан.

2011-жылдын 14-декабрында Суталинов Бишкектеги соттун отурумуна келип, ошол эле күнү сот залында «митингге чыккан элдерге каршы ок колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деген айыптар менен камакка алынган.

Апрель революциясынын баатыры:«Анда медициналык комиссия Мурат Суталинов чындыгында эле онкологиялык оору менен жабыркагандыгы тууралуу акыркы жыйынтыгын чыгарган эле,-деп сөзүн улады. Анын бир бөйрөгү алынып салынып, экинчи бөйрөгүнүн иштеп кетиши дагы чоң суроо алдында болчу. Соттолуучу онкологиялык борборлордо гана мүмкүн болгон атайын дарыланууга муктаж эле. Дарыгерлер анын дарттан толук айыгып кетүүсү тууралуу 2013-жылдын жай айларына чейин эч нерсе айтуу мүмкүн эместигин айтышкан».

2012-жылдын 1-октябрында сот Дамир Оңолбеков адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, оор илдетке чалдыккан соттолуучуну үй камагына чыгарган. Жабырлануучулар, «Мекен шейиттери» коомунун мүчөлөрү дагы буга каршы болгон эмес.

«Атайын комиссия айыпталуучунун терминалдык стадиядагы рак оорусун менен жабыркаарын тастыктаган, - дейт Умбеталиев. Шаардык соттун коллегиясына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын № 47-мекемесинин башкармасынан Мурат Суталиновду айыккыс оор илдетке чалдыкканына байланыштуу калган жаза мөөнөтүнөн бошотуу өтүнүчү тууралуу сунуштама келип түшкөн".

2019-жылдын 15-апрелинде Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын жыйынга келбегендигине байланыштуу Бишкек шаардык сот Мурат Суталиновдун шарттуу негизде мөөнөтүнөн эрте бошотуу жөнүндө соттук жыйынды кезектеги жолу кийинкиге жылдырган.

Соттук териштирүү 2019-жылдын 7-майында ыйык Орозо айынын биринчи же экинчи күнү орун алмакчы.

«Мусулмандардын ыйык Орозо айы руханий жана физикалык жактан эле тазаланууга эмес, жалпы ыймандуулукка жана кечиримдүүлүккө үндөйт. Эгерде Мурат Суталиновдун онкологиялык оору менен жабыркаары анык болсо, Бишкектин шаардык соттук колегиясы аны мөөнөтүнөн эрте бошотуу чечимин кабыл алышы керек».
Ошол эле маалда, Расул Умбеталиев, бул анын жеке өтүнүчү экенин жана ал 2010-жылдын 7-апрелинде жабыркаган бардык жарандардын атынан кайрыла албасын белгилеп өттү.

Ал Кыргызстанда бир нече жыл мурун «айыккыс оорууга чалдыккан» белгилүү кримтөбөлдү мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча чагылгандай тездик менен операция жүргүзүлүп, ал ээн-эркин өлкө аймагынан чыгып кеткендигин эске салды. Коомдук ишмер соттук органдардын чечкинсиздигин КРнын генералдык прокурору Өткүрбек Жамшитовдун Азиз Батукаевди бошотуу боюнча кылмыш ишинин кайрадан карала тургандыгы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Умбеталиев: «Кандай болгон күндө да сот КРнын мыйзамдарынын чегинде гана иш жүргүзүп, ошол эле маалда Кыргызстандын жаранынын тагдырын адилет жана акыйкат талдашы керек, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх