Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талгарбеков: Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча сот ачык өтөт

Оппозиционер журналисттерди Кыргызстандын экс-президентинин чыныгы жүзүн көрүү үчүн сотко катышууга чакырат

Жакында эле эркиндикке чыккан оппозиционер Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди сотко берди. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.

«Элдик парламенттин» лидеринин айтуусу боюнча соттук отурум качан өтөөрү азырынча белгисиз.

Талгарбеков Бишкек шаарынын Ленин райондук соту эки жума мурда анын арызын кабыл алганын тактап өттү. "Соттук отурум качан өтөөрү азырынча белгисиз. Май майрамдарынан кийин белгилүү болот го дейм. Жараяндар ачык өтөт. Биз Атамбаевдин чыныгы жүзүн көрсөтүү үчүн бардык журналисттерди катышууга чакырабыз.

Эскерте кетсек, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин "Бекболот Талгарбеков ФСБнын генералдарынын колдоосу астында Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган" деген билдирүүсү анын сотко кайрылуусунун себеби болгон.

Ошондой эле ал Атамбаевден моралдык кенемте катары талап кылып жаткан 17 миллион сомду кайда сарптаарын дагы айтып берди.

«Эгерде иш адилет каралса, мен сөзсүз соттон жеңем. Сот кенемте катары канча суммадагы акча каражатын чектеп берет азырынча белгисиз, бирок, мен бул каражаттын 2 миллион сомун акыркы үч жыл бою бизди - камалган «Элдик парламенттин» мүчөлөрүн колдоп келген журналисттерге берүүнү пландап жатам. Мындан сырткары, мен 1 миллион сомду ушул убакытка чейин дээрлик бекер иштеп келген адвокаттарыма берүүгө ниет кылып жатам. Афганчылардын, Чернобыль кырсыгынын жана Баткен согушунун катышуучуларын үй-бүлөлөрүнө дагы 1 миллион сомду бөлүштүрүп бермекчимин», - дейт Талгарбеков.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында абактан Талгарбеков менен кошо соттолгон оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров дагы эркиндикке чыгышкан. Маектешибиздин билдиргенине караганда алар дагы Атамбаевди жоопко тартууну көздөп жатышат: «Алар бул багытта аракеттерди көрүп жатышат. Ошондой эле алар биз эркиндикке чыккандан кийин түзгөн саясий туткундарды реабилитациялоо жарандык коомунда да иштешүүдө.» 

«Элдик парламенттин» лидери үстүбүздөгү жылдын 7-мартында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошотулган. Бекболот Талгарбеков КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу (кийин бул берене боюнча ал акталган) жана «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча 14 жылга эркинен ажыратылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх