Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаевди колдогон митинг бүгүн болбойт

Жогорку сотто «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидеринин иши боюнча отурум башталды

Сотко «Конституциянын атасына» колдоо көрсөтүү үчүн парламент депуттары катышат.

Жогорку сотто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкүл Чотоновдун жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу боюнча сот отуруму башталды.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмиль Токтошевдин айтымында бүгүн партиялаштарын колдоо боюнча митинг өтпөйт.

Ал: «Буга чейинкидей митинг болбойт, бирок, соттолуучуларды колдоого бүгүн «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын бардык депутаттары сөзсүз келет», - деп билдирди.

Соттук отурум 10:00дө башталды.

Эскерте кетсек, 23-апрелде Жогорку соттун алдында митинг болуп өткөн. Күндүз ага 6 миңдей киши, ал эми кечинде 500 киши катышкан.

Мамлекеттик айыптоочулар иштин материалдары менен жакшылап таанышууга убакыт керектигин айтып, соттук иш 3-майга жылдырылган эле.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх