Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуудан баш тартты

Экс-депутаттын тарапташтары эми адилеттүүлүктү эл аралык инстанциялар аркылуу издешет

Жогорку сот экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ата Мекен парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Жогорку сот жактоочулардын ишти кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок, эми биз адилеттүүлүктү эл аралык инстанциялар аркылуу издемекчибиз», - деди ал өз сөзүндө.

Муну менен бирге абактагылардын жактоочулары өз милдеттерин мындан ары дагы уланта тургандыгын депутат Наталья Никитенко журналисттерге маалымдады.

Ал өлкөбүздөгү соттордун мыйзам чегинде жана өздөрүнүн ыйманына жараша чечим кабыл алышаарына үмүт күндөн күнгө азайып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары анын күнөөсүз экенин далилдеген жаңы жагдайлар тууралуу билдиришкенин маалымдаган. Алар Генпрокуратага кылмыш ишин башынан кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылгандары белгилүү болду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх