Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүнүн четке кагылышы анын тарапташтары үчүн гана күтүүсүз болду

 «Кайра карап чыгуу өтүнүчүнүн себептери мындан жүйөөлүү деле болушу мүмкүн эле»

Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунда «саясий» кылмыш иштери жок дегенде кайра каралып чыгат деген ишеничти көптөн бери карманып келишкен эле.

Бирок, алардын бул ишеничтери үмүт бойдон кала берди. Бүгүн Vesti.kg маалымдагандай Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуудан баш тартты. Бир нече күн мурда Садыр Жапаров 10 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болгон эле.

Буга эмне себеп? Мүмкүн саясатчылардын ортосундагы «жылуулук» илеби аны самагандарга гана сезилгендир?

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Текебаевдин өкүмүн жеңилдетүү мүмкүндүгү бардыгына мурда деле көп ишенген эмес. Жогорку сот жактоочулардын далилдерин четке каккандыгын «мыйзамсыздыктын жеткен чеги» деп эсептеп, ошол эле маалда бул көрүнүшкө эч таң калбайт.

Ал Vesti.kg сайтына: «Бизде чечимди кабыл алуудан бардыгы коркушат. Анткени, өзүң чечим кабыл ала калдың эле - эртең эшигиңе прокурор келет. Соттор «өйдө» жакты карап отурушат. Ал эми президент соттук иштерге өзү кирише албайт да, мыйзам алкагында соттогула деп буйрук берет. Муну башкача кабыл алгандар жазаланат», - деп билдирди.

Мисал катары Кулов УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду келтирди. Суталиновдун жактоочулары анын терминалдык стадиядагы онкологиялык илдет менен жабыркагандыгынын негизинде эркиндикке чыгарылышына аракет көрүп келишүүдө. Азырынча натыйжасыз...

«Жактоочулар арызды 2018-жылы эле беришкен, андыктан ишти эски Кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде кароо керек, ал кодексте мындай норма карала турган илдеттердин тизмеги бар. Жаңы КПКде бул жобо эгерде абактагы адам жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн экисин өтөгөн болсо гана ишке ашырылышы мүмкүн. Суталинов өтөй элек. Мына ошондуктан, ал боюнча жогору жактын буйругусуз чечим кабыл алуудан коркуп жатышат».

Экс-парламент башчы мындай чечкинсиздикти жоопкерчиликсиздик жана бийликтин бардык булактарынын эрксиздиги деп эсептейт.

Кулов: «Бардыгына баары бир, анткени, ар ким өзүн ойлоо менен гана алек», деп белгиледи.
Саясатчы жана мурдагы депутат Алишер Мамасалиев соттун Өмүрбек Текебаев боюнча, ошондой эле Садыр Жапаров боюнча дагы чечими ага күтүүсүз болгонун ачыктады. Анын пикири боюнча бул чечимдер эч кандай логикага туура келбейт.
Ал Vesti.kg сайтына бул иштер кайра каралып чыгаарына ишендигин билдирди. «Азыркы абал оңой эмес, «Ата Мекен» мурдагы жана азыркы өкмөт башчыларынын ортосундагы тиреште бейтарап позицияны карманып тургандыгы таасир эткен жок. Биз акыбалды дыкат талдап, чечим кылмакчыбыз», - деп билдирди.

Масалиев 6-майда ыйык орозо айынын башталышы Кыргызстандагы саясий процесстерди убактылуу токтотоорун кошумчалады. Бирок, 6-июндан кийин партиялаштар активдүү кыймылга өтүшү толук мүмкүн.

Саясий маселелер боюнча талдоочу Орозбек Молдалиев, адамдар негизинен эл жакшыга үмүт артып келээрин, анын сыңары Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары да ушундай ишеничти аркалап келишкендигин белгилеп өттү.
Молдалиев Vesti.kg сайтына: «Кыргызстандын соту апрель айындагы аба-ырайы сыяктуу туруксуз, бирде адилет, бирде жок. Кимдир бирөө буйрук берип, өкүм өзгөрүлөөрүнө ишенгенибиз да ошондон», - деп билдирди.

Саясатчы жактоочулар колдон келген аракеттин бардыгын көргөнүн, ал эмес соттун көңүлүн күбө Леонид Маевскийдин Москвада башка иш боюнча кармалгандыгына да бурууга далалат кылгандыгын баса белгилейт. Бирок, оң чечим үчүн мындан жүйөөлүү аргументтерди деле колдонсо болмоктугун жашырган жок.

Эскерте кетсек, Vesti.kg буга чейин Жогорку сот экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнин мурдагы башчысы Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин кайра карап чыгуудан баш тарткандыгын кабарлаган.
«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эми алар акыйкаттыкты эл аралык инстанциялар аркылуу издей тургандыгын билдирди.

Ошондой эле Vesti.kg Жогорку сот мурдагы депутат Садыр Жапаров 10 жылга эркинен ажыратылганын дагы маалымдаган


Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх