Осунбек Жамансариев: Президенттин аппараты бизди Атамбаевге каршы турууга үндөгөн эмес
Ошол эле маалда «Айкөл Ала-Тоонун» башчысы Амантур Жамгырчиев Апрель революциясынын баатырларын мурдагы өлкө башчысына каршы турууга үндөшкөнүн айтууда
Президенттин аппараты «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүн чакырып, Алмазбек Атамбаевге каршы турууга үндөшкөнүн аталган коомдун төрагасы Амантур Жамгырчиев «Ачык саясат» гезитине берген маегинде айтып чыккан:
«Жарым жыл мурда президенттик аппараттын жетекчилиги бизди чакырып, ачык эле Атамбаевге каршы иштөөгө чакырган. Биз: «Биз саясаттын ыплас оюндарына катышып, бийликтин куралына айлангыбыз келген жок. Өзүбүздүн көз карашыбыз бар», - деп ал жерден дароо кетип калдык. Муну тастыктачу күбөлөрүбүз да бар. Эми болсо 9-10 жылдан бери бир туугандай болуп калган коомдук уюмдун мүчөлөрүн экиге бөлүп башташты», - деп ал журналисттерге берген маегинде билдирген.
Ошондой эле, анын айтымында «Айкөл Ала-Тоону» экиге бөлүп жаткандар эми «Эр-Теги» уюмун да бөлүп жарууга киришүүдө.
Vesti.kg «Эр-Теги» КБнин мүчөсүнө бул тууралуу кайрылганда, ал Амантур Жамгырчиевдин сөзүн четке какты:
«Бизди эч ким президенттин аппаратына чакырып, мындай сунуш кылган эмес. «Эр-Тегинин» төрагасы Айчүрөк Камаеванын СДПК партиясынын саясий кеңешине кеңешпей туруп мүчө катары киргенине биздин уюмдун айрым катышуучулары нааразы болушууда. Бирок, бул жерде эки лагерге бөлүнүү маселеси жок», - деди ал сөзүндө.
Фото www